Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Улуттук банк валюта базарына дагы 45,2 миллион доллар сатты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 31-мартта валюта базарына 45 миллион 200 миң доллар сатты. Бул маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.

Ушуну менен өлкөнүн негизги банкы 2023-жылдын башынан бери алты жолу интервенция жасап, валюта рыногуна 307 миллион 370 миң доллар сатты.

2022-жылы Улуттук банк 486 миллион доллар сатып, кайра 190 миллион доллар сатып алган.

Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. Улуттук банк январдын аягында Кыргызстандын банктарында 600 миллион доллар бар экенин, анын 40% накталай экенин билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG