Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимдин мөөнөтү дагы узартылды


Бишкек. Сөз эркиндигин колдоо акциясы. 2022-жылдын 14-октябры.
Бишкек. Сөз эркиндигин колдоо акциясы. 2022-жылдын 14-октябры.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында, Эркиндик бульварында, Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки аралыкта, Жогорку Кеңештин имаратынын жана президенттин администрациясынын алдында, аларга жакын Панфилов паркында митинг өткөрүүгө салынган тыюу ушул жылдын 1-июлуна чейин узартылды.

Андан тышкары Таттыбүбү Турсунбаева атындагы гүл бакта, Жогорку Соттун жана Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жанында да нааразылык акцияларын өткөрүүгө болбойт.

Бишкектин борбордук бөлүгүндө митинг өткөрүүгө салынган тыюуну узартуу сунушун Биринчи Май районунун администрациясы берип, аны 31-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту колдогону белгилүү болду.

Бишкекте айрым жерлерде митинг-пикет өткөрүүгө убактылуу тыюу салган чечим 2022-жылдын март айында эле кабыл алынган. Анын мөөнөтү улам узартылып келе жатат. Укук коргоочулар мындай чечим мыйзамсыз экенин утур-утур эскертүүдө.

Митинг же пикет өткөрүүнү каалагандар Максим Горький атындагы бакчада чогулса болот. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG