Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

"Улуттук энергохолдинг" жоюлуп, акциялары министрликке өтөт


 Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Энергетика министрлиги 3-апрелде кабарлагандай, "Улуттук энергохолдинг" мамлекеттик ишканасы жоюлуп, анын акциялары министрликке өтөт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Компанияны жоюу тууралуу токтом долбооруна энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов кол койгон.

"Улуттук энергохолдинг" компаниясынын бардык мүлкү аны жоюу процесси аяктаганда толугу менен Энергетика министрлигине өтөт. Ушул тапта компания өзүнө караштуу беш ачык акционердик коомдордун дээрлик 90% акцияларына ээ. Ишкананы жоюу комиссиясы эки айдын ичинде өз ишин аякташы керек. Муну менен өкмөт энергетикалык компаниялардын чыгымдарын азайтууну, эффективдүү башкарууну коздөп жатат. "Улуттук Энергохолдинг" жоюлса, 70 млн. сомдой каражат үнөмдөлөт", - деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.

“Улуттук энергохолдинг” 2016-жылы түзүлүп, Энергетика министрлиги жоюлган. 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин келген бийлик Энергетика министрлигин кайра түзгөн.

2021-жылдын ноябрында Коопсуздук кеңеши энергетика тармагындагы башкаруу системасын өзгөртүп, бири-биринин функцияларын кайталаган энергокомпанияларды бириктирип, ирилештирүү чечимин кабыл алган. 2022-жылы Энергетика министрлиги өндүрүүчү жана жеткирүүчү компаниялар ирилешип, бөлүштүрүүчү фирмалардын саны олуттуу кыскарганын билдирген. Мурда алардын саны өлкө боюнча 28 болсо, учурда 16сы рыноктон кеткени маалым болду.

Өткөн кыш мезгилинде Кыргызстанда электр энергиясын керектөө өлкө тарыхында биринчи жолу суткасына 76,4 миллион киловатт саатка жеткенин маалымдалган. Мындан улам Энергетика министрлиги өлкөдө электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүүгө аргасыз болду. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG