Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Казино салыгы азайтылат: инвестор тартуу аргасы, коомдогу ача пикир


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү казино өңдүү оюн-зоок жайларын ачууга кызыккан инвесторлор аз деген жүйө менен мындай ишмердик үчүн салыктын көлөмүн азайтууну сунуштап жатат. Учурда кумаркана ачууга байланыштуу бир гана арыз түшүп, каралып жатканы белгилүү болду.

Былтыр кызуу талаш-талкуу менен кабыл алынып, кол коюлган мыйзамга ылайык, кумарканалар ушул жылдын башынан тартып ачылып, иштей башташы керек эле.

"Казино ачууга кызыккан инвестор аз"

Экономика жана коммерция министрлиги кумарканалар үчүн салыктын көлөмүн азайтуу каралган токтомдун долбоорун 24-мартта коомдук талкууга чыгарды. Министр Данияр Амангелдиев "Азаттыкка" курган маегинде мындай чара ириде инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү үчүн жасалып жатканын айтып берди. Ошондой эле, бул ставкалар ишкердин ишинин жүрүшүнө жараша бара-бара дагы көбөйүшү ыктымалдыгын белгиледи.

"Казинолорду кайра ачуу каралаган мыйзамды Экономика министрлиги өзү демилгелеп, аны жактаганбыз. Анткени ал туризм жаатындагы кандайдыр бир кошумча сектор, аны дагы өнүктүрбөсөк болбойт. Ал жайларда кыргыз жарандарына ойногонго болбойт. Атайын мыйзам кабыл алгандан кийин инвесторлордун келишине шарт түзүшүбүз керек. Инвесторлор менен сүйлөшкөндөн кийин салык ставкалары өтө чоң деп айтылды. Эгерде мындай жайларда чектөөсүз бардык жарандар ойносо, анда мындай салык ставкалары жагымдуу болмок. Чектөөлөр болгондуктан салык ставкаларын этап-этап менен киргизип берсеңер деген сунуш болгондуктан биз аны өкмөткө киргизип, колдоо тапканбыз. Ошол ставканы шартка жараша өкмөт өзү киргизип турушу керек. Инвесторго жагымдуу шарт түзүп беришибиз керек. Жаңы Салык кодексинде салык ставкаларын өкмөт өзү бекитип берген мүмкүнчүлүк каралган. Биринчи инвесторду алып келип иштетип алалы, эгер бизнеси жакшы болуп, салыкты көбүрөк төлөгөнгө мүмкүнчүлүк болсо өкмөт салык ставкасын өзү эле көбөйтө алат".

Коомдук талкууга чыгарылган токтомдун долбооруна ылайык, баалар төмөнкүдөй болуп өзгөрөт:

Кумарканадагы бир оюн столу (флот) үчүн:

  • 2023-жылы – 450 000 сом; (азыркы талапка ылайык 1 млн. сом)
  • 2024-жылдан тартып – 600 000 сом; ( азыр 1 млн. 250 миң сом)

Оюн автоматтар жана компьютердик симулятор залдарында бир оюн автоматы үчүн:

  • 2023-жылы – 10 миң сом; (азыр 75 миң сом)
  • 2024-жылдан тартып - 15 миң сом; (азыр 100 миң сом)

Министр Данияр Амангелдиевдин ырасташынча, учурда казино ачууга кызыккан ишкерлер аз болуп жатат. Бүгүнкү күндө букмекердик кеңсе ачып иштетүүгө төрт лицензия берилди.

"Кумаркана ачууга кызыкдар ишкерлер азыраак болуп жатат. Башында парламентте мыйзамды алып келип жатканда атайын бир инвестор үчүн ушуну жасап жатасыңар деген сын-пикирлер дагы болгон. Негизи базаны түзүп коюшубуз керек. Бирок бирөөгө ылайыкталган, ошолорго жаза турган мыйзам эмес экенин убакыт көрсөттү. Учурда төрт брокердик конторага лицензия берилди. Балким, салыктын көлөмүн азайтуудан кийин казиноо ачууга арыз келгендир, бирок биз шарттарын дагы күчөттүк. Мурда базар, аялдама жана эл топтолуп турган жерлерде автоматтарды коюп, элди кызыктырчу. Азыр мындайлар беш жылдыздуу мейманканада гана болот. Биздин жарандар атайын отелге барып ойнобойт, бул көзөмөлдөөгө дагы жеңил болот", - деди министр.


Жогорку Кеңеш кумарканаларды кайра ачуу каралган мыйзам долбоорун өткөн жылы жайкы тыныгууга кетер алдына, 22-июнда бир топ талаш-талкуу менен кабыл алган. Бир катар депутаттар казиного кайра уруксат берүүнүн кесепети оор болорун эскертишкен. Анда казинодон бюджетке көп деле акча түшпөсүн, жүз миңдеген кыргызстандык башка өлкөлөрдүн паспорту менен жүргөн шартта "кумарканаларга кыргыз жарандары киргизилбейт" деген шартты аткаруу дээрлик мүмкүн эместиги белгиленген. Жакындары кумарпоз болуп, үй-жайын, акыркы мүлкүн сатууга макул болгон канча деген үй-бүлөлөр үчүн трагедия күчөй турганын айтып чыгышкан.

Президент Садыр Жапаров мыйзам долбоорго дароо эле, 30-июнда кол койгон. Мамлекет башчысы маектеринин биринде казинолордун кайра ачылышын колдогон депутаттарга алкыш айтып, ал эми каршы чыккандарды “саясий упай топтоп, элдин диний ишенимдерине ойноп, өздөрү эптеп бийликке келүүнү эңсеген күчтөр” деп атаган. Өлкөдө казинолор жашыруун иштеген фактылар бардыгын, аларды ачыкка чыгарса казынага акча түшөрүн айткан. Жапаров ошондой эле, кыргыз жарандары казиного кирбесин, көзөмөл катуу болорун айцтып, буга мамлекет толук кепилдик берерин убада кылган.


Финансылык рынокту көзөмөлдөө кызматынын жетекчисинин орун басары Абай Кадыралиевдин "Азаттыкка" билдиришинче, учурда казино ачууга байланыштуу бир арыз түшүп, каралып жатат.

"Жаңы мыйзамдын мурункусуна караганда өзгөчөлүгү абдан көп. Алардын эң негизгиси бул - Кыргызстандын жарандарына оюн-зоок жайларына барууга катуу тыюу салынган. Андай жайларга жалаң гана туристтер, башка мамлекеттердин жарандары гана кире алат. Мыйзамда тыюу салуу пунктары бар, ошолор аткарылышы керек. Ар бир оюн-зоок мекемеси өзүнүн ишин жүргүзүп жатканда биздин жарандарды аныктай алган, идентификациялай алган программалык камсыздоосу болушу керек. Алар бул багытта Санарип өнүктүрүү министрлиги, анын алдындагы "Инфаком" мекемеси менен атайын келишим түзөт. Ошондо мындай жайлар келген ар бир кардардын жарандыгын аныктай алат. Биз азыр туризмди өнүктүрөбүз деп визасыз режимдерди ачып жатабыз. Бизге келген туристтер жаратылышыбыздын эле кооздугуна суктанбастан, оюн-зоокко кызыккан катмардагы туристтерге дагы ушундай сунуштар болот. Бир айга жакындап калды, казино ачууга байланыштуу бир арыз келип түштү, учурда каралып жатат".

Мунун алдында айрым медиалар айрыкча Бишкекте казино ачууга даярдыктар башталганын, ишке чакырган жарнамалар чыга баштаганын жазышкан.

Лицензиялардын баасы 84 миллион сомго чейин

Буга чейин өкмөт кумарканаларды кайра ачуу тартиби каралган токтом кабыл алган. Ага ылайык, лицензиялардын баасы аймактарга жараша бычылган жана 10,5 миллион сомдон 84 миллион сомго чейин деп эсептелген.

Маселен, республикалык маанидеги шаарлардагы казинолор, онлайн казинолор, электрондук (виртуалдык) казинолорду ачуу үчүн 84 миллион сом, ал эми Ош, Чүй жана Жалал-Абад облусу үчүн 42 миллион сом, Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарына 25 миллион сом деп көрсөтүлгөн. Оюн-зоок автоматтар залдары үчүн 42 миллион сом, букмекердик конторалар жана лотереялар үчүн 10,5 миллион сом деген сунуш берилген.

Жаңы эреже-тартипке ылайык, өлкөдө онлайн казино ачууну Санарип өнүктүрүү министрлиги тескейт. "Азаттык" аталган мекемеге кайрылганда, учурда бир дагы арыз түшө электиги туралуу маалымат алды.

Финансылык рынокту көзөмөлдөө кызматынын жетекчисинин орун басары Абай Кадыралиевдин маалыматына ылайык, коомдук талкуугуа коюлган токтомдун долбоорунда онлайн казиного байланыштуу дагы саамалык бар.

"Токтомдун долбооруна ылайык, онлайн казинолордун пайыздык ставкасынын салыгы 8 пайыздан 4% түштү. Оюн-зоок автоматтары өзүнчө ачылбайт, казинонун ичинде гана болот. Ошондой эле автоматтардын саны 30дан 60ка чейин көтөрүлдү. Ар бир автоматтан патент алынып, салык төлөгөндө анын ставкасы жогоруласын деген максатта жасалды. Былтыр кабыл алынган мыйзамга ылайык, кыргыз жарандары букмекердик кеңселерге, онлайн казинолорго, оюн автоматтарына, баарын киргизилбейт. Жаңы мыйзам кабыл алынганда казино жайларын иштетип жаткан Макао, Кытай, Кипр өңдүү өлкөлөрдөгү оюн-зоок мекемелеринин уюштуруучулары кызыгып, бизден көп маалымат алышкан. Болушунча инвесторлорду, туристтерди тартуу жаатында иш алып барабыз. Казинолордо кеминде он стол, 60 аппарат болушу керек. Мындай жайларда жалаң кыргыз жарандары иштейт, техникалык жактан тейлеген адамдар дагы болот. Көп эле пайдасы болот".

Депутат Улугбек Ормонов өкмөт инвесторлорду тартуу жаатында иш-аракеттерди күчөтүшү керек деп эсептейт. Ал бул маселе парламентке караларын билдирди.

"Биз мыйзамды кабыл алып жатканда "чет элдиктердин эсебинен бюджетке чоң салым болот" деген жакшы ниет менен кабыл алганбыз. Ошол мыйзам кабыл алынгандан кийин дээрлик эч кандай сунуш болбой, салык ставкасын азайткандан кийин келе баштайт десе анда биз муну карап көрүшүбүз керек. Бирок ставкасын азайтып эле тек койбой, кайсы бир убактан кийин кайра көтөрө тургандай болуп карашыбыз керек. Жөн гана азайтып койгонго мен макул эмесмин. Эгер ушул жактары эске алынган болсо Жогорку Кеңешке келсе карайбыз. Суроолор көп, парламентке келгенде анын баарын беребиз. Президенттин алдында инвестиция тартуу агенттиги бар, алар болгон жакшы жактарын, шарттарын айтып инвестор тартышы керек. Жөн эле отура берсе өздөрү чуркап келбейт да. Бул жаатта Министрлер кабинети да иштеши керек. Эмнеге мындай иштер болбогонун парламентте сурайбыз".

Дастан Бекешев казинону кайра ачуу каралган мыйзам долобоорго каршы добуш берген депутатттардын бири. Ал кумарканаларды кайра иштетүүдөгү айрым жагдайларга токтолду.

"Чындыгында казино ачам деген киши салыктан деле коркпойт. Эми өтө оор, ажыдаардай болгон деле салык эмес да. Салык ставкаларын түшүргөнбүз менен ал чоң деле натыйжа бербейт. Себеби, биринчиден өлкөгө акчалуу чет элдик туристтер көп келиши керек. Экинчиден, инфраструктура жакшы эмес, үчүнчүдөн бизге учак көп учпайт. Андан сырткары казино онлайн казино менен атаандаш боло албайт. Ошондуктан азыр көп учурда онлайн казино ачуу жагын карап жатышат. Себеби кадимки казинону ачканда бир топ чыгым болот. Имарат курушу керек же ижарага алышы керек, аны оңдоп-түзөп, жасалгалоо керек. Онлайн казино болсо эч кандай имараттын кереги жок, сервер эле болсо болду. Азыр дүйнөдө дагы ушул багытта бара жатат, бизге келгендер дагы ушуну карап жатат".

Казинонун доору бүтүп баратабы?

Экономист Кубан Чороев инвостордун агымын токтоткон тоскоолдуктарды белгиледи. Анын баамында, казинолордун доору бүтүп баратат жана бул индустриянын Кыргызстанда келечеги аз.

"Кыргызстан деп айтканда, албетте бренд катары казино дароо эске келбейт. Инвесторлор кайсы бир тармакка акчасын салса, ошол тармакка карата коомдук пикир кандай деген жагдайга дагы көп маани беришет. Бизде болсо казиного карата коомдук пикир кандай экени баарына белгилүү. Бүгүнкү күндө мыйзам кабыл алынганы менен коомдук пикир үстөмдүк кылат. Инвесторлор дагы андай пикирлер менен эсептешпей койбойт. Казино өңдүү кумарканалар онлайн тармагына өтүп кеткен. Кайсы бир мамлекетте орун-очок алып, байырлабай, чексиз интернетке негизделген индустрия болуп калды. Менимче, Кыргызстанда казино индустриясынын келечеги жок. Дегеле мындай оюндардын маалы дагы өтүп кетти. Башка индустрияга кетип калды деп айтса болот. Бүгүнкү күндө казинолордун деле актуалдуулугу азайып калган. Онлайн тармакка оогон. Кыргызстанда онлайн казино канчалык деңгээлде ордун таба алат белгисиз. Дүйнөдө деле баалуулуктар тез-тез өзгөрүп жатат да. Казино бул кечээки күн болуп баратат, ал эртеңки күндүн индустриясы эмес".

Кыргызстанда учурда деле мыйзамсыз иштеген казинолор аныкталган учурлар бар. Өткөн аптада Улуттук коопсуздук комитети Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда кумаркана аныкталганын, укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлери ал жайдын кожоюндарын калкалап жүрөт деп шек саналып жатканын билдирген. Анда кумаркана компютердик клуб катары иштеп жатканы, бир айлык акча жүгүртүүсү бир миллион сомдон ашарын, күнүмдүк кассасынан 200 миң сомдой табылганы маалымдалган.

Кыргызстанда казинолордун ишине 2012-жылы тыюу салынган. Мунун алдында кумар оюндарынын кесепетинен үй-жайынан, колдо бар мүлкүнөн ажыраган адамдардын жакындарынын кайрылуусу, арыз-муңу көбөйгөн эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG