Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Бишкекте жыл башынан бери автобус катышкан 521 жол кырсыгы катталды

Жолтандабастан качып, мамыны сүзгөн автобус. Бишкек. 28-октябрь, 2026-жыл.
Жолтандабастан качып, мамыны сүзгөн автобус. Бишкек. 28-октябрь, 2026-жыл.

2026-жылдын башынан бери Бишкекте эл ташыган автобустардын катышуусунда 521 жол кырсыгы катталды. Анын ичинен 244ү боюнча коомдук транспорттун айдоочулары күнөөлүү болсо, 272 учурда экинчи тарап күнөөлүү деп табылган.

Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын 2-автобазасынын башкы инженери Бакыт Табалдиев “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде айтты. Анын сөзүнө ылайык, келтирилген чыгымды автобустун айдоочусу айлыгынан төлөйт же накталай берсе болот.

Расмий маалымат боюнча, “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасында 1400 автобус бар. Анын ичинен күн сайын 1100-1150 автобус элди ташууга чыгат.

Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт департаментинин коомдук транспортту уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Бакыт Калыковдун айтымында, шаардыктарды ташууга 620 автобус жетишсиз.

Акыркы күндөрү борбордо автобустардын катышуусундагы жол кырсыктары көбөйдү. 28-октябрда Бишкектин Айтматов проспектиси менен Сухомлинов көчөсүнүн кесилишинде автобус менен жолтандабас машине кагышкан. 15-октябрда Чүй проспектиси менен Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде №38 каттам боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган Zongtong үлгүсүндөгү автобусту айдап бараткан айдоочу Kia K5, BMW X5, Changan, Kia K7, Toyota Camry жана Honda Accord үлгүсүндөгү автоунааларды сүзгөн.

Бул окуялардан кийин “Бишкек шаардык транспорт” ишканасынын жетекчиси алмашкан. (BTo)



Шерине

​
XS
SM
MD
LG