28-октябрда саат 11:00 чамасында Бишкектин Айтматов проспектиси менен Сухомлинов көчөсүнүн кесилишинде автобус менен жолтандабас унаа кагылышты. «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынан "Азаттыкка" билдиришкендей, №5Т каттамындагы электробус автобустар үчүн бөлүнгөн тилке менен түндүк багытты көздөй бара жаткан учурда чыгыш тараптан келе жаткан жолтандабас жол бербей, алдынан чыгып, кагылышып кеткен.
Натыйжада электробус жол боюндагы жарык берүүчү мамыны сүзүп токтогон.
Кырсыктын кесепетинен айрым жүргүнчүлөр жабыркаган.
Окуя ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгында катталып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
Бишкектин бир катар көчөлөрүндө коомдук транспорттун жүрүшү үчүн атайын тилкелер бөлүнгөн. Ал тилкелерде саат 07:00дөн 21:00гө чейин башка унаалардын жүрүүсүнө тыюу салынат.
Бишкекте жүргүнчү ташыган автобустар катышкан жол кырсыктары көп катталат.
15-октябрдын кечинде Чүй проспектиси менен Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде №38 каттам боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган Zongtong үлгүсүндөгү автобустун айдоочусу Kia K5, BMW X5, Changan, Kia K7, Toyota Camry жана Honda Accord үлгүсүндөгү автоунааларды сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен төрт адам жабыркаган. Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы коомдук транспорттун айдоочусу мас болгонун билдирген. Бул окуядан кийин Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаев кызматтан бошотулган.
Ииюль айында №34 каттамын тейлеген Zongtong үлгүсүндөгү автобустун айдоочусу жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан баланы сүзүп кеткен. Алган оор жаракаттарынан улам 9 жаштагы окуучу окуя болгон жерде каза болгон.
Бул окуядан кийин мэрдин орун басары Рамиз Алиевге жана Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин ошол кездеги директору Улан Бейшенбаевге катуу сөгүш жарыяланып, Бейшенбаевдин орун басары Алмаз Алымбеков менен «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров кызматтан бошотулган. (ZKo)
Шерине