Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:56

Мэр Жунушалиев ишкерден акча алган кызматкерлерин текшерүүнү талап кылды

Мбанк аркылуу акча которулган чек. Соцтармакка тараган тасмадан скриншот.
Мбанк аркылуу акча которулган чек. Соцтармакка тараган тасмадан скриншот.

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев шаардагы райондук администрациянын кызматкерлеринин ичинде ишкерлерден "түшкү тамактанууга" деп 5 миң сом алгандар бар экенин айтып, бул үчүн акимдерди зекиген видео соцтармактарга жарыяланды.

Анда мэр жыйын учурунда акимдерге кайрылып, кызматкерлердин жүрүм-турумун кароону талап кылганын көрүүгө болот. Жунушалиев Мбанк аркылуу "түшкү тамактанууга" деп 5 миң сом которулган чекти да көрсөткөн. Чекте Мбанк аркылуу акча которулган күн - 6-октябрь, 2026-жыл деп жазылып турат.

"Ишкерлер силерге түшкү тамактанууга 5 миң сомдон берип жатышат. Беш миң сом! Эмне, бир отурганда бир кой жейсиңерби? Райондук администрациянын кылган иш-аракеттери. Акимдер кай жакты карап отурасыңар? Булар бир күн да кызматта болбошу керек. Кызматтан алып, укук коргоо органдарына бересиңер мындай кызматкерлерди", - деди Жунушалиев.

Бишкек мэриясынан "Азаттыкка" калаа башчысы Айбек Жунушалиев бул тууралуу 26-октябрь күнү пленардык жыйында айтканын ырасташты.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, учурда ишкерлерден түшкү тамактанууга деп акча котортуп алган кызматкерлерди аныктоо жана андан ары мыйзамдуу чара көрүү боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат.(ZKo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG