Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:19

WSJ: Ормуз кысыгынан танкерлер АКШнын коргоосу алдында өтүп жатат

Ормуз кысыгы.
Ормуз кысыгы.

Ормуз кысыгынын жабыктыгына карабай, соода кемелери кысык аркылуу өтүп жатышат, арасында мунай жана газ ташыган ири танкелер да бар. The Wall Street Journal жазгандай, кемелердин айрымдары ирандык күчтөргө кабылып калбоо үчүн кысыктан навигациялык системаларын өчүрүп өтүшүүдө.

Басылманын булактары билдиргендей, айрым кемелердин ээлери кысыктан америкалык аскерлердин жардамы менен өтүп жатышат. АКШ кырдаалды көзөмөлдөө үчүн радар, дрон жана башка байкоо каражаттарын колдонуп, экипажга багыт жана коопсуздук чаралары боюнча кеңеш берип турат.
АКШнын аймактагы операцияларга жооптуу Башкы командачылыгы кысык аркылуу өтүп жаткан кемелер менен такай байланышта экенин билдирген.

Американын миналарды тазалоо операциясынан кийин майдын башында кысыктын түштүк тарабындагы Омандын жээгин бойлогон бөлүгүндө коопсузураак коридор сакталып калган. Бирок ошол эле учурда кемелердин басымдуу бөлүгү мурдагыдай эле Ирандын жээгин бойлогон бөлүгүнөн же кысыктын өзүнөн транспондерлерин өчүрүп коюп өтүшүүдө.

Аналитикалык Kpler компаниясынын маалыматына караганда, Ормуз кысыгынан өтүп жаткан кемелердин көлөмү согушка чейинки дегээлинен кыйла аз бойдон калууда. Кризистин башталышына чейин кысык аркылуу күн сайын 100дөн ашуун танкер өтсө, бүгүнкү күнү бир нече ондогон гана кеме өтүп жатканы The Wall Street Journal басылмасынын маалыматында жазылган.

АКШ белгилегендей, акыркы жума ичинде Ислам революциясынын сакчылары корпусу кысыктын аймагында деңиз миналарын орнотууга жана дрон менен сокку урууга аракет кылган. Америкалык аскерлер ага жооп кылып Ирандын дрондорун атып түшүрүп, мина коюучу катерлерине сокку урган. Вашингтон бул аракеттерин коргонуу максатында деп сыпаттап, ок атышпоо режими сакталып турганын билдирди.

АКШ менен сүйлөшүүлөрдө Иран Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин өтүшүн тескөөгө, өтмөк үчүн алардан акы алуу менен катышуу укугун талап кылууну улантууда. Вашингтон бул сыяктуу талаптарга караманча каршылыгын билдирип, бул аптада Тегерандын Перс булуңундагы кемелерди көзөмөлдөөчү органын санкцияга киргизген.



Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG