Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:22

Жапаров "Бишкек Аренаны" мөөнөтүнөн кечиктирбей, сапаттуу курууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Аренанын" курулушунда. 2026-жылдын 30-майы.
Президент Садыр Жапаров "Бишкек Аренанын" курулушунда. 2026-жылдын 30-майы.

Президент Садыр Жапаров Бишкекте салынып жаткан “Бишкек Арена” спорт комплексинин курулушун сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды. Бул тууралуу ал 30-майда аталган объектке барган учурда билдирди.

Жапаров курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, “Бишкек Арена” өлкөнүн спорттук инфраструктурасын өнүктүрүү жана эл аралык мелдештерди өткөрүү үчүн маанилүү экенин белгиледи. Учурда спорт комплексинде курулуш-монтаждоо жана жасалгалоо иштери улантылууда, инженердик системалар орнотулуп, айлана-тегереги көрктөндүрүлүүдө.

Жапаров комплекс пайдаланууга берилгенден кийин анын натыйжалуу иштеши үчүн стадиондун аймагынын бир бөлүгүнө соода жана тейлөө объектилерин жайгаштыруу максатка ылайыктуу экенин айтты.

51 миң көрүүчүгө ылайыкталган "Бишкек Арена" стадиону Кыргызстандагы эң чоң футбол аренасы болот. Президенттин администрациясы бул жай FIFA жана AFC эл аралык стандарттарына ылайык курулуп жатканын, бул өлкөдө ири эл аралык беттештерди жана мелдештерди өткөрүүгө шарт түзөрүн маалымдады.

Жаңы стадиондун курулушуна президент Жапаров 2023-жылдын 30-августунда капсула салган. Ал үчүн Орок айыл аймагынан 20,78 гектар жер бөлүнгөн. Стадиондун долбоорунда 1,5 миң жеңил машина жана 100 автобус токтотуучу жай бар.

Бишкектеги азыркы Дөлөн Өмүрзаков атындагы жалгыз ири стадион 1941-жылы курулган. Ал 18 миң көрүүчүгө эсептелген.

Шерине

XS
SM
MD
LG