Украин президенти Владимир Зеленский чалгындоо кызматынан Орусия Украинанын аймагына жаңы жапырт сокку урууга даярдык көрүп жатканы тууралуу кабар алганын билдирди.
"Сураныч, абадан салынган айгайга көңүл буруңуздар – өмүрүңөрдү сактаңыздар. Биздин ыкчам кызматтар даяр", – деп билдирди Зеленский 29-майдагы кечки кайрылуусунда.
Украина президентинин айтымында, Киевдин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары абадан коргонуу тутумун чыңдоо болууда. Зеленский Украина ракеталарды сатып алуу үчүн европалык өнөктөштөрдүн каражаттарын топтоп жатканын, бирок курал-жарак менен жетиштүү деңгээлде камсыздалуу негизинен АКШдан көз каранды экенин белгиледи.
Ал ошондой эле өнөктөштөр мындан ары да колдоо көрсөтөрүнө үмүт артарын билдирди. Буга чейин украин лидери АКШ президенти Дональд Трампка Украинаны Орусиянын ракеталык соккуларынан коргоого жардам берүү өтүнүчү менен кат жөнөткөнүн кабарлаган.
24-майга караган түнү орус аскерлери Киевге массалык сокку уруп, анын кесепетинен эки адам каза болуп, 80ден ашыгы жараат алган. Орусия бул чабуулду 22-майга караган түнү Луганск облусунун Орусиянын көзөмөлүндөгү бөлүгүндө жайгашкан Старобельск шаарындагы коллеж жана жатаканага жасалган соккуга жооп болгонун билдирген.
Ал соккудан, айтылган маалыматтарга караганда, 20дан ашык адам каза болгон. Москва мындан ары Украинанын "чечим кабыл алуу борборлоруна" жана "командалык пункттарына" сокку урууну улантарын айтып коркуткан.
24-майга чейин Зеленский дагы чалгындоо маалыматтарына таянып Орусия тараптан чабуул даярдалып жатканын эскерткен.
Шерине