Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр санариптик трансформацияны тездетип, жасалма интеллект технологияларын кеңири колдонушу керектигин билдирди. Бул тууралуу ал Евразия экономикалык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында айтты.
Токаев өз сөзүндө 29-майда ЕАЭБди түзүү тууралуу келишимге кол коюлганына 12 жыл толгонун эске салды.
Президент дүйнөлүк экономиканын өсүшү жайлап, эл аралык базарларда туруксуздук күчөгөн шартта ЕАЭБ өлкөлөрү өнүгүүнүн булактарын издеп, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга тийиш экенин белгиледи. Анын пикиринде, мындай багыттардын бири санариптештирүү жана жасалма интеллектти өнүктүрүү.
Токаев заманбап технологиялар евразиялык интеграциянын негизги кыймылдаткычтарынын бири болушу керектигин айтып, биримдикке мүчө мамлекеттерди тажрыйба алмашууга жана биргелешкен технологиялык долбоорлорду ишке ашырууга чакырды.
Президент Казакстандагы бул багыттагы долбоорлор тууралуу да маалымат берди. Анын айтымында, өлкөнүн IT кызматтарынын экспорту 1 миллиард доллардан ашты. Ошондой эле Астанада жасалма интеллект боюнча эл аралык Alem.ai борбору ишин баштады. Ал аймактагы жасалма интеллектке негизделген чечимдерди иштеп чыгуу жана жайылтуу борборуна айланышы керек.
Токаев айыл чарбасын, логистиканы жана өнөр жайды санариптештирүүгө өзгөчө токтолду.
Президент башка артыкчылыктуу багыттар катары транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнү, ЕАЭБдин тышкы экономикалык байланыштарын кеңейтүүнү жана Индия менен эркин соода аймагын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү атады.
Сөзүнүн соңунда Токаев Казакстан ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык процесстерди жана жаңы биргелешкен долбоорлорду мындан ары да колдой турганын билдирди.
Евразия экономикалык форуму учурда Астанада өтүп жатат. Ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери катышкан Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны менен катар уюштурулган. Быйылкы форумдун негизги темалары жасалма интеллект, экономиканы санариптештирүү, транспорттук коридорлор жана соода байланыштарын кеңейтүү болуп саналат.
Шерине