Румыниянын президенти Никушор Дан Орусиянын Констанца шаарындагы башкы консулу Андрей Косилин персона нон грата деп жарыяланганын жана ошол эле калаадагы Башкы консулдук жабыларын билдирди.
29-майга караган түнү орусиялык дрон Галац шаарындагы турак үйдүн чатырына кулаган. Румыниянын Коргоо министрлигинин алдын ала маалыматына ылайык, ал Орусия колдонуп жүргөн «Герань-2» үлгүсүндөгү учкучсуз аппарат болгон.
Окуядан улам эки адам, эне менен анын уулу жаракат алган. Дагы бир дрон өлкөнүн түндүгүндөгү Марамуреш уездиндеги Бэсешть коммунасынын аймагынан табылган.
Europa FM радиосунун маалыматына караганда, Никушор Дан бул окуяны «олуттуу инцидент» деп атаган. Ал ошондой эле айрым румын саясатчыларын сындап, алардын кээ бирлери «Орусияны актоого аракет кылып жатканын» айткан.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Румыниянын башкы консулдукту жабуу чечимине жооп катары Москванын чаралары көп күттүрбөй турганын билдирди.
Ал эми Румыниянын тышкы иштер министри Оана Цою бул окуяны «Орусия тараптан жасалган олуттуу жана жоопкерчиликсиз чыңалуу» деп мүнөздөдү.
Анын айтымында, Румыния бул окуя тууралуу НАТОнун башкы катчысына маалымдап, өлкөгө дрондорго каршы күрөшүү каражаттарын жеткирүүнү тездетүүнү суранган.
«Румыния эл аралык укуктун жана өзүнүн аба мейкиндигинин мындай олуттуу бузулушуна жооп катары зарыл болгон дипломатиялык чараларды көрөт», — деп жазды Цою X социалдык тармагындагы баракчасына.
Окуядан кийин Румыниянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчиси Владимир Липаевди чакыртты.
Буга чейин Румыниянын Коргоо министрлиги орусиялык дрондор өлкөнүн аймагына кирип же кулап түшкөн учурлар тууралуу 45 жолу билдирген. Мындай окуялар негизинен орус армиясынын Украинанын Одесса облусуна, айрыкча Румыния менен чек арага жакын жайгашкан Рени жана Измаил портторуна жасаган чабуулдары маалында катталган.
Бирок бул ирет, биринчи жолу дрон эл жыш жашаган аймакка түшүп, жай тургундар жаракат алды.
Шерине