Румыниянын тышкы иштер министри Оана Цою 29-майга караган түндөгү дрондордун чабуулун "Орусиянын олуттуу жана жоопкерчиликсиз эскалациясы" деп атады. Румыния Украина менен чек арага жакын жайгашкан Галац шаарында эл жашаган көп кабаттуу үйгө тийген дрон Орусияныкы деп эсептейт.
Анда эки киши жарадар болуп, көп кабаттуу турак жайда өрт чыккан, жашоочулар эвакуацияланган.
НАТОнун расмий өкүлү Элисон Харт Москваны "жоопкерчиликсиз" деп айыптады. НАТОнун баш катчысы Марк Рютте румын бийлиги менен байланышта экенин, мындан ары альянс өз аймагын дрон коркунучунан да коргонуу үчүн бекемдей турганын айтты.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Орусиянын агрессиясы "дагы бир линиядан өттү" деп билдирди.
"Биз Орусияга басымды мындан ары да күчөтөбүз. Биз санкциялардын 21-пакетин даярдап жатабыз", – деди Урсула фон дер Ляйен.
Орусия Румыниядагы дрон соккусу тууралуу комментарий бере элек.
Шерине