«Би-би-синин» орус кызматы, «Медиазона» басылмасы жана ыктыярчылар тобу Украинадагы согушта 2022-жылдын февралынан бери курман болгон 223 539 орусиялык аскердин аты-жөнүн аныкташты.
Тизме некрологдордун, көрүстөндөрдөн жана согуш мемориалдарынан алынган сүрөттөрдүн, ошондой эле мамлекеттик ачык булактардагы маалыматтардын негизинде түзүлгөн.
Аныкталган маркумдардын көбү согушка өз ыктыяры менен кеткендер. Алардын саны 82 миңден ашат. Алардан кийинки орунда тек-жайы аныкталбай калгандар. Үчүнчү орунда келишим менен кызмат өтөгөндөр, түрмөдөн согушка азгырылгандар жана мобилизациялангандар турат.
Түндүк Кореядан келип орус армиясынын катарында согушуп жатып каза болгондор да бул статистикага киргизилген эмес.
Чет өлкөлүк жарандарды кошкондо, Орусия тараптагы жалпы жоготуулар 367 миңден 523 миңге чейин жетиши мүмкүн деп бааланууда.
Украинанын Аскер туткундарын дарылоо боюнча координациялык штабынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 30-мартына карата Орусия армиясына 135 өлкөдөн 27 миңден ашуун чет өлкөлүк жаран тартылган.
Британиянын Өкмөттүк байланыш борборунун директору Энн Кист-Батлер жакында жасаган алгачкы ачык лекциясында Орусиянын Украинадагы согуштагы жоготуулары 500 миң адамга жакындап калганын билдирген.
«Би-би-синин» орус кызматы белгилегендей, эгер алардын маалымат базасы согушта каза болгондордун жалпы санынын 45–65% гана камтыйт деген эксперттик баа туура болсо, анда каза болгон орусиялык аскерлердин саны 497 миң адамга чейин жетиши мүмкүн. Бул көрсөткүч Энн Кист-Батлердин сөздөрүнө жакын .
2022-жылдын февралында Москва Украинага согуш ачкандан бери орус тарапта согушкан же набыт болгон борборазиялыктардын так саны белгисиз.
Украинанын “Хочу жить” долбоору жарыялаган тизмеде согушка жалданып барган делген 800дөн ашуун кыргызстандыктын 181и набыт болгону көрсөтүлгөн. Бул маалыиматты Кыргызстандын расмий органдары азырынча ачык тастыктай элек.
“Хочу жить” долбоору жарыялаган тизмеде согушка жалданып барган делген 800дөн ашуун кыргызстандыктын 181и набыт болгону көрсөтүлгөн. Бирок бул маалыматты Кыргызстандын расмий органдары азырынча ачык тастыктай элек.
Шерине