Президент Садыр Жапаров камакта жаткан активист Адилет Балтабайга ырайым берди. Бул тууралуу маалыматты “Азаттыкка” активисттин жубайы Гүлкайыр Жапарова ырастап, күйөөсү бүгүн абактан чыгарын айтты.
Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек бийликке сын айтылган акция, митингдерге катышып, жеринен социалдык түйүндөрдө түз эфирге чыгып, ар түрдүү маселелерде пикир билдирип жүргөнү менен таанылган.
Адилет Балтабай биринчи ирет 2022-жылы 30-июнда Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө суракка чакыртылып, соттун чечими менен камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Жапырт башаламандык") боюнча кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылы 11-ноябрда Биринчи май райондук соту Адилет Балтабайды күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Үч жылдык пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынып, сот залынан бошотулган.
Активист эркиндикке чыккандан кийин Кемпир-Абад иши менен камалгандарды колдогон пикирин билдирип, алардын жакындары уюштурган акцияга да барган. Бул кадамы пробациянын эрежелерин бузуу катары эсептелип, 2023-жылы 12-январда Бишкек шаардык сотунун чечими менен экинчи ирет камалган. Ал жазасын №27 абагынан өтөй турган болгон.
Адилет Балтабай Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы Жогорку сотко кайрылып, үй-бүлөсүн карай турган жалгыз киши экенин айткан жана абактан бошотууну өтүнгөн. Жогорку сот ошол жылдын 19-апрелинде анын арызын канааттандырган. Үч жылдык пробациялык көзөмөл өкүмүн күчүндө калтырган.
2023-жылдын ноябрь айында Пробация департаменти Сокулук райондук сотуна кайрылып, активистке байланыштуу мурдагы чечимди жокко чыгарууну суранып, аны камакка алууну өтүнгөн. Мекеме Балтабай Сокулуктан Бишкекке барганы белгилеп, муну “пробация эрежелерин бузуу” деп түшүндүргөн. Сокулук райондук соту 2023-жылдын 10-ноябрында ага карата пробациялык көзөмөлдү жокко чыгарган.
Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Адилет Балтабайды 15-декабрда үчүнчү ирет кармап, ал Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Бир аптадан кийин – 22-декабрда Чүй облустук соту активистти абакка кесүү тууралуу Сокулук райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Активист кийин Чүйдүн Петровка айылындагы түзөтүү мекемесине которулуп, ошол жакта камалып жаткан.
Бийликти сындаган акцияларды түз эфирде чагылдырып жүргөн блогердин апасы Сайкал Жунусова, атасы Мыктыбек Балтабаев жана жубайы Гүлкайыр Жапарова бир нече ирет бийликке кайрылып, уулу пикирин ачык айтканы үчүн куугунтукталып, камакка алынганын билдиришкен.
“Азаттык” буга чейин Адилет Балтабайдын жакындары 2025-жылы президент Садыр Жапаровго кайрылып, ага ырайым берүүнү сурашканын айтып беришкен. Алар президенттик администрациядан активистке ырайым берилбей турганы тууралуу жооп кат алышканын билдиришкен. (ErN)
Шерине