Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

Астана саммити: Лидерлер Арменияны Евробиримдикти же ЕАЭБди тез арада тандоого чакырышты

Евразия экономикалык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынын катышуучулары. 29-май, Астана.
Евразия экономикалык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынын катышуучулары. 29-май, Астана.

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Арменияны мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө Евробиримдикке кошулуу же ЕАЭБдин курамында калуу маселеси боюнча жалпы элдик референдум өткөрүүгө чакырышты.

Бул тууралуу Астанада өткөн саммиттин жыйынтыгында Орусиянын, Беларустун, Казакстандын жана Кыргызстандын президенттери кабыл алган биргелешкен билдирүүдө айтылат.

«Армения Республикасында мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө Евробиримдикке кирүү же Евразия экономикалык биримдигинин курамында калуу маселеси боюнча жалпы улуттук референдум өткөрүү зарылдыгы тууралуу позицияны колдойбуз», - деп жазылган билдирүүдө.

Кремлдин сайтында жарыяланган документке ылайык, Беларус Казакстан, Кыргызстан жана Орусиянын Евразия өкмөттөр аралык кеңешиндеги өкүлдөрү 2026-жылдын декабрь айында өтө турган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында Арменияга карата ЕАЭБ жөнүндө келишимдин колдонулушун убактылуу токтотуунун мүмкүн болуучу кесепеттери боюнча баяндама сунуштоого тийиш.

Армения 2025-жылы Евробиримдикке кошулуу жараянын баштоо жөнүндө мыйзам кабыл алган. Премьер-министр Никол Пашинян акыркы чечим референдум аркылуу кабыл алынышы мүмкүн экенин билдирген.

Быйыл 5-майда Ереван шаарында Армения менен Евробиримдиктин биринчи саммити өткөрүлгөн. Бул жыйын Орусиянын кыжырына өзгөчө тийген.

Расмий Москва Армениянын Европа Биримдигине жакындашуу аракеттерин бир нече жолу сындап, Евробиримдик менен ЕАЭБдин соода эрежелери өз ара шайкеш келбей турганын белгилеп келет.

Армения - 2015-жылдан бери Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү.

7-июнда Арменияда парламенттик шайлоо өтөт. Ага Никол Пашинян жетектеген “Жарандык келишим” партиясы катышууда. АКШ президенти Дональд Трамп Пашиняндын талапкерлигин ачык колдогон.




Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG