29-май күнү Жогорку Евразиялык кеңешинин тар жана кеңири форматтагы жыйыны өттү. Жыйындын күн тартибинде 18 маселе каралары жарыяланган. 2022-жылдан тарта бул күн уюмдун расмий түзүлгөн күнү катары белгиленген.
Тар курамда кандай маселелер көтөрүлгөнү ачык айтылган жок. Кеңейтилген курамда уюмду модернизациялоо, санарип технологияларын өнүктүрүү жана экономикалык кызматташтыктын келечегин талкуулашты.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров учурда технологияларга жетүү эле эмес, аны жайылтуудагы ылдамдык, инновацияларды чоңойтуу жөндөмү жана аларды экономиканын реалдуу тармагында натыйжалуу колдонуу жаатында да катуу атаандаштык жүрүп жатканын айтты.
“Бүгүн өлкөлөрүбүздүн ортосундагы илимий кызматташтыктын мүмкүнчүлүгү толук кандуу колдонулбай келет. Мындан улам, комиссия мүчө-өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен бирге ЕАЭБди илимий-техникалык өнүктүрүү боюнча стратегиялык программаны ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушу зарыл. Кыргызстан өлкөлөр аралык илимий-техникалык кызматташтыкка жана натыйжалуу карым-катышты түзүүгө терең маани берет”.
Беларус президенти Александр Лукашенко санариптештирүү жөнүндө ооз көптүрө сөз кылып келгени менен, уюмдун өлкөлөрү санарип технологияларын жалпы мейкиндикти өнүктүрүүгө эмес, өз кызыкчылыгын гана коргоого колдонуп жатышканын кеп кылды.
Саясат таануучу Эдил Осмонбетов самиттин башкы темасы болгон жасалма интеллектти колдонуу артыкчылыктуу багыт экенин баса белгиледи.
“Эң негизги суроо – бул жасалма интеллект. Санариптин келечеги кандай болот, кандай экосистемага өтөбүз, эмне үчүн? Бүгүнкү күнү жасалма интеллект ЕАЭБге кирген мамлекеттер үчүн аябай маанилүү. Эмне үчүн? Экосистема түзүлүп атат. Жасалма интеллект сөзсүз геоэкономикалык курал болуп калат. Ошон үчүн, менин оюмча, бул саммиттин негизги суроосу болуп турат. Биз кандай жасалма интеллектти киргизебиз, кайсы экосистемага өтөбүз? Мунун келечекке аябай көп таасири тийет”.
Бул жолу уюмдун саммитине Армениянын премьер-министринин келбей калганына көңүл бурулду. Орус басылмалары Кремлдин аткаминерлерине таянып жазгандай, Жогорку экономикалык кеңеште өлкө башчылары Армениянын Евробиримдик менен жакындашуусун жана анын уюм үчүн тобокелдиктерин талкуулашты.
Экономикалык уюмга беш өлкө кирсе, анын ичинен Армения соңку кездери саясий багытын Европага карай буруп келет. Бирок Пашинян азырынча ЕАЭБден чыгуу ниети жок экенин белгилеген.
Армения Евробиримдикке карай умтуларын расмий жарыялаган жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмундагы мүчөлүгүн убактылуу токтоткон. Майдын башында Ереванда Армения менен Евробиримдиктин алгачкы эки тараптуу саммити болуп өткөн.
Орусиянын президенти Владимир Путин апрелдин башында Пашинян менен жолугушканда Армениянын Евробиримдик менен алакасын өркүндөтүүгө умтулуп жатканына Кремл түшүнүү менен мамиле кыларын билдирген. Ошол эле маалда, Ереван бир эле учурда Евробиримдикке да, ЕАЭБге да мүчө боло албай турганын айткан. Путин Армениянын маселесин уюмдун саммитинде кароону сунуштап, Пашинян ага жыйынга катыша албай турганы менен жооп берген.
Саясат таануучу Эдил Осмонбетов Армениянын маселеси уюмдун олуттуу темаларынын бири болуп турганын айтат.
«Кечээ АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Арменияга келди, аэропорттон армян өкмөтү менен чоң келишимге кол койду. Бул стратегиялык өнүктүрүү деген аябай катуу программа. Экинчиси - темир жол боюнча «Трамптын маршрутунун» идеясы. Бүгүнкү күндө Батыш Кавказ дагы геосаясаттын кырында турат».
Саммиттин алкагында 28-май күнү V Евразиялык экономикалык форуму өттү. Форум санарип трансформация, ЕАЭБдин бирдиктүү ички рыногун өнүктүрүү, улуттук экономикаларды айкалыштыруу, технологиялар, кызматташтык өңдүү 30 сессиядан турат.
Анда сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров санариптик эгемендүүлүктү камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
“Өз маалыматтарын башкара албаган адам өз келечегин да башкара албайт. Ал эми тышкы инфраструктурага, алгоритмдерге жана коргоо системаларына көз каранды болгон мамлекет ар дайым аярлуу бойдон калат. Ошондуктан Кыргызстан улуттук жасалма интеллект чечимдерин өнүктүрүүгө басым жасап жатат”.
Уюмдун мамлекеттеринин жасалма интеллект тармагындагы кызматташтыгына токтолгон Жапаров аларды терең тарыхый жалпылык, күчтүү илимий салттар жана орток экономикалык кызыкчылыктар бириктирип турарын белгиледи. Биргелешкен моделдерди иштеп чыгууда, жалпы эсептөө кубаттуулуктарын жана дата-борборлорду түзүүдө күч-аракетин бириктирсе, жөн гана колдонуучу эмес, глобалдык санариптик күн тартибинин толук кандуу архитекторлору болуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.
Евразия Экономикалык Биримдиги 2014-жылы расмий түзүлгөн. Кыргызстан ага 2015-жылы кошулган.
Жыйында айтылгандай, учурда уюмдун Вьетнам, Иран, кытай жана Сербия менен соода келишими иштеп жатат. Жакын арада Бирикке Араб Эмирликтери, Монголия жана Индонезия менен эркин соода жүргүзүү келишими күчүнө киргени турат. Бул жаатта Индия жана Тунис менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Шерине