Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:22

Агартуу министрлиги мектептерде алты күндүк окууну кайра киргизүүнү сунуштады

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Агартуу министрлиги 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында аптасына алты күндүк окутууну кайра киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Долбоордун негиздеме-маалымкатында 12 жылдык билим берүүгө өтүү иши 80% аткарылганы, алдыда толук ишке ашыруу үчүн кошумча мөөнөт талап кылынары жазылган.

Мындан тышкары Эмгек кодексине кирген өзгөртүүдөн улам май айындагы тогуз күндүк дем алыш окуучулардын билим алуу процессинин мөөнөтүнө таасир эткени белгиленген.

“Өлкөнүн саясий жана маданий жашоосундагы маанилүү окуялардын бири катары 2026-жылдын август айынын аягында Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги жолугушуусу Бишкек шаарында өткөрүлүшү күтүлүүдө. Ошондой эле 2026-жылдын сентябрь айынын башында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Ысык-Көлдө өткөрүү пландаштырылууда. Бул масштабдуу иш-чаралар Кыргызстандын имижин түзүү үчүн өзгөчө саясий, социалдык, маданий-эстетикалык жана этно-спорттук жактан мааниге ээ. Ошол эле учурда бул иш-чаралардын өткөрүү мөөнөттөрү республиканын жалпы билим берүү мектептеринде 2026/2027-окуу жылынын башталышы менен дал келүүдө”, - деп жазылган маалыматта.

Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарты боюнча окутуу беш күндүк деп көрсөтүлгөн болсо долбоордо “беш же алты күндүк” деп өзгөртүү сунушталууда.

Министрлик аптасына алты күндүк окутуу туруктуу жүрөрүн же кайсы бир мөөнөт аралыгына тиешелүү экенин тактаган жок. “Азаттыктын” министрликтеги булактары айына бир жолу алты күндүк, калган апталарда беш күндүк окутуу жүрөрүн билдирди.

2025-2026-окуу жылында “Алтын казык” мамлекеттик программасынын алкагында 12 жылдык билим берүү системасы ишке кирген. Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. 10-11-12-класстарда кесипке багыт бериле баштайт. Түзүлгөн окуу пландарында 11 кесипке үйрөтүү каралган.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG