Кыргыз футбол биримдиги “Үч улуттун кубогу” эл аралык мелдешине Кениянын курама командасы катышпай турганын 29-майда билдирди. Кениянын футбол федерациясы расмий кат жолдоп, ал аймактагы эпидемиологиялык оор абалга байланыштуу эл аралык сапарларды уюштуруу кыйын болуп жатканын билдирген.
Бул мелдештин алкагында Кыргызстан, Палестина жана Кения беттешмек. Эми 6-9-июнь күндөрү Кыргызстан менен Палестина эки жолу беттеш өткөрөрүн Кыргыз футбол биримдиги жарыялады.
Кения менен беттеш үчүн билет алган кыргызстандыктар аны Палестина менен болгон оюнга колдоно алат же акчасын кайтарып алса болот.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жетекчиси Тедрос Аданом Гебреисус 25-майда эбола эпидемиясы өтө тез жайылып, ага каршы аракеттер жетишпей жатканын билдирген. Ал Конго Демократиялык Республикасы менен Угандадагы эбола вирусунун жайылышы көзөмөлдөн чыгып кеткенин да айткан.
ДССУнун жетекчисинин айтымында, эпидемия дагы күчөшү мүмкүн. Эбола кайра баш көтөргөнү тууралуу маалымат 15-майда чыккан.
Көп өтпөй Тедрос Аданом Гебреисус "Бундибугйо" деген кооптуу штаммдын жайылышын эл аралык деңгээлдеги чукул кырдаал деп жарыялаган. Вирустун бул түрү аз изилденген, ага каршы вакцина жана дары жок, 30% учурда бейтаптын өлүмүнө алып келет.
2018-2020-жылдары илдет 2 300 кишинин өмүрүн алган.
Жалпысынан 50 жыл ичинде эболадан Африкада 15 000ге жакын адам көз жумду.
Шерине