Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:21

Орусиянын Армениядагы элчиси кеңешүү үчүн Москвага чакырылды

Орусия Армениядагы элчиси Сергей Копыркинди чакыртып алды. Бул тууралуу ишембиде Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Дипломатия мекемесинин сайтына чыккан билдирүүдө дипломат Москвага "армян жетекчилигинин Евробиримдик менен жакындашуу боюнча таштаган кадамдарына байланыштуу" кеңешүү үчүн чакыртылганы айтылды. Орусиянын ТИМи армян бийлигинин мындай кадамдары "ЕАЭБдин алкагында зыян алып келерин" белгилеген.

Бир күн мурун Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер – Орусия, Беларус, Кыргызстан жана Казакстан Астанадагы саммитте бул бирикменин курамына кирген Арменияны Еврошаркет менен ЕАЭБ ортосундагы тандоо жасоо маселеси боюнча мүмкүн болушунча тезирээк референдум өткөрүүгө чакырышкан.

РБК басылмасы жазгандай, мүчө мамлекеттердин биргелешкен билдирүүсүндө быйыл декабрдагы ЕАЭБ жыйынында атайын баяндама сунушталары айтылды. Анда Армениянын ЕАЭБ менен келишимди токтото туруусунун мүмкүн болгон кесепеттери баяндалат. Мындай документти даярдоого Армениянын Евробиримдикке кирүү ниети себеп болгон. Анткени бул кадам калган мүчө өлкөлөрдүн экономикасына олуттуу коркунуч келтирет деп эсептешет.

Орусиянын президенти Владимир Путин жума күнү Астанадагы саммиттин жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында эгер Ереван ЕАЭБден чыга турган болсо бирикменин эркин соода аймагына кирүү укугунан кол жууй турганын, темир жол тарифтери кымбаттап, автоунаа ташуучуларга карата талаптар күчөтүлөрүн билдирген.

Армения 2025-жылы Евробиримдикке кошулуу жараянын баштоо жөнүндө мыйзам кабыл алган. Премьер-министр Никол Пашинян акыркы чечим референдум аркылуу кабыл алынышы мүмкүн экенин билдирген.

Быйыл 5-майда Ереван шаарында Армения менен Евробиримдиктин биринчи саммити өткөрүлгөн. Бул жыйын Орусиянын кыжырына өзгөчө тийген.

Расмий Москва Армениянын Европа Биримдигине жакындашуу аракеттерин бир нече жолу сындап, Евробиримдик менен ЕАЭБдин соода эрежелери өз ара шайкеш келбей турганын белгилеп келет.

Армения 2015-жылдан бери Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү.

7-июнда Арменияда парламенттик шайлоо өтөт. Ага Никол Пашинян жетектеген “Жарандык келишим” партиясы катышууда. АКШ президенти Дональд Трамп Пашиняндын талапкерлигин ачык колдогон.

Шерине

XS
SM
MD
LG