Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

12-апрель: “Дөө Чыңгыздын” өлүмү боюнча өкүм чыкты, Тажикстан Москвадагы кыйноону сындады


Чыңгыз Жумагуловду күч кызматкерлери кармаган учурда тартылган сүрөт. 2019-жыл, 11-апрель.
Чыңгыз Жумагуловду күч кызматкерлери кармаган учурда тартылган сүрөт. 2019-жыл, 11-апрель.

12-апрелде Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

“Дөө Чыңгыздын” өлүмү боюнча сот өкүмү чыкты

12-апрелде Бишкектин Октябрь райондук соту “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча өкүм чыгарды. Данияр Шүкүров 18 жылга, Санжар Сапарбеков 17 жылга, Эрнис Кубанычбеков менен Мухаммед Замирбеков 13 жылдан, Сыймык Биримкулов 20 жылга кесилди. Чыңгыз Жумагулов менен бир камерада отурган Дооронбек Асанбек уулу 10 жылга соттолду. Чыңгыз Жумагулов 2022-жылы 30-июлда №21 абактын бөлмөлөрүнүн биринде бычакталып каза тапкан. Жаза аткаруу кызматы аны камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөнүн маалымдаган.

Расмий Дүйшөмбү Москвадагы терактка шектүүлөрдүн кыйноого алынышын сындады

Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин “Крокус Сити Холлдогу” кол салууга байланыштуу кармалгандарды орус коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү кыйноого алышын кескин сындады. Бул тууралуу ал 12-апрелде Беларустун баш калаасы Минскиде өтүп жаткан КМШ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйынында айтты.

Мухриддин орус тарап иликтөөнүн жүрүшүндө “эл аралык укуктун принциптерин, өзгөчө күнөөсүздүк презумпциясын жана кыйноолорго тыюу салуу бөлүктөрүн сакташы керек эле” деп билдирди. Тажик министри кошумчалагандай, “маалымат айдыңында террордук актты ишке ашырууга шек саналгандарды кармоо жана аларды уруп-сабап, кыйноого алган кадрларды демонстрациялоо жол берилгис”. "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 адамдын өмүрүн алган теракт үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети-Хорасан” террордук уюму өз моюнуна алган. Кол салууга байланыштуу ондон ашуун адам кармалды. Алардын көбүнүн теги борборазиялыктар.

Жапаров, Ташиев төраганын демилгесин колдогон жок

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин интернетте балдар үчүн даярдалган чет тилдеги контенттин баарына бөгөт коюу демилгесине комментарий берип, кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн башка тилдерге каршы чыкпоо керек экенин айтты. Ушундай эле пикирин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев да билдирди. Нурланбек Шакиев парламенттин 11-апрелдеги жыйынында интернетте балдарга арналган чет тилдеги контентке тыюу салуудан тышкары, балдарга кыргызча ысымдарды коюуну сунуштаган.

Оренбургда суу ташкындан улам калк жапырт эвакуацияланды

Орусиянын Оренбург шаарында суу ташкынга байланыштуу сирена жаңырып, калкты жапырт коопсуз жактарга көчүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мери Сергей Саомин билдирди. Соңку он саатта Урал дарыясындагы суунун деңгээли 11 метр 43 сантиметрге чейин жеткен. Суу алдында 12 миңдей үй, 15 миңден көп короо-жай калууда. Төрт калктуу конушта электр жарыгы жок. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Оренбург облусунда суу ташкындан жабыркаган кыргызстандыктар бар-жогун тактап жатканын билдирди. Кошуна Казакстандын он облусунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Жүз миңдей киши жабыркаган аймактардан коопсуз жактарга көчүрүлдү.

Израил Иран сокку урса коргонууга даяр экенин билдирди

Израил армиясы Ирандын ыктымал соккуларынан өлкөсүн коргоого жана жооп чара көрүүгө даяр экенин билдирди. 11-апрелдеги билдирүүгө караганда, эгер Тегеран Сириядагы консулдугуна жасалган чабуул үчүн өч алгысы келсе, ушундай чара көрүлөт. Апрель айынын башында Сириянын Дамаск шаарындагы консулдугуна жасалган соккуну Тегеран Израилден көрүп келет. Анда 16 кишинин өмүрү кыйылган, анын ичинде Иран революциясынын сакчылар корпусунун эки генералы жана беш мүчөсү болгон. Израил бул тууралуу комментарий берген эмес. Ирандын Жогорку Руханий лидери аятолла Али Хаменеи 10-апрелде консулдукка жасалган чабуул үчүн Израилден өч алышарын эскерткен.

15 жаштагы кызды зордуктоого шек саналган адам акталды

12-апрелде Бишкектин Свердлов райондук соту 15 жаштагы кызды зордуктоого шек саналган адамды толук актады. Бул тууралуу “Азаттыкка” жабырлануучу тараптын адвокаты Айсулуу Ибраимова билдирди. Ал соттун өкүмүнө макул эместигин, чечимди толук алгандан кийинки инстанцияга арыз бере турганын айтты. Бул иш боюнча 4-апрелде акыйкатчы Жамиля Жаманбаева кайрылуу жасап, мамлекеттик органдарды сотто өспүрүмдүн укугун камсыздоого чакырган. Жабырлануучу кыздын атасы Акыйкатчы институтуна кайрылып, кызы 2022-жылы декабрь айында зордукталганын айткан. Соттун маалымат кызматы тергөөдө шектүүнүн айыбы аныкталбаганын билдирди.

Кызамыкка чалдыккандар 8 миңге жакындады

Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун 8-апрелдеги маалыматына ылайык, Кыргызстанда кызамык (корь) жуктургандардын саны 7 864кө жетти. Илдетке чалдыккандардын көбү - Бишкек шаарында, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында. Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашка чыкканда жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тарта жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG