Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Оренбург: суу ташкындан улам калк жапырт эвакуацияланууда


Суу каптаган Оренбургдун дрондон тартылган көрүнүшү. 11-апрель, 2024-жыл.
Суу каптаган Оренбургдун дрондон тартылган көрүнүшү. 11-апрель, 2024-жыл.

Орусиянын Оренбург шаарында суу ташкынга байланыштуу сирена жаңырып, калкты жапырт коопсуз жактарга көчүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мери Сергей Саомин билдирди.

Соңку он саатта Урал дарыясындагы суунун деңгээли 40 сантиметрге көтөрүлүп, 11 метр 43 сантиметрге чейин жеткен. Оренбург шаарынын бийлиги 12-апрелде суунун деңгээли жогорку чегине жетерин эскерткен.

"Документтериңерди, дары-дармек, эң зарыл буюмдарыңарды гана алып, тезинен үйүңөрдөн чыгып кеткиле. Кырдаал оор, убакыт коротпогула!” - деп жазды мэр телеграм каналына.

Оренбург облусунун администрациясы билдиргендей, суу алдында 12 миңдей үй, 15 миңден көп короо-жай калууда. Төрт калктуу конушта электр жарыгы жок.

Буга чейин облус аймагынан 10 миңден көп адам эвакуацияланган.

Бул Оренбург облусундагы эң ири суу ташкындардын бири болуп калды. Суунун көптүгүнөн улам Орскидеги дамба жырылып кеткен. Соңку эсептерге караганда, жаратылыш кырсыгынын кесепети 40 млрд рублге бааланууда.

Андан тышкары Курган, Томск, Тюмен, Кемеров облустарынан дагы суу ташкынга байланыштуу жергиликтүү калкты эвакуациялоо иштери жүрүп жатат. Кошуна Казакстандын он облусунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Жүз миңдей киши жабыркаган аймактардан коопсуз жактарга көчүрүлдү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Оренбург облусунда суу ташкындан жабыркагана кыргызстандыктардын бар-жогун тактап жатканын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG