Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Медет Садыркуловдун өлүмүнө айыпталган Сапарбеков 14 жылга соттолду


Санжар Сапарбеков.
Санжар Сапарбеков.

Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда бүгүн 18-ноябрда президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө айыпталып жаткан Санжар Сапарбековду 14 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарып, аны айрым беренелер боюнча актады.

Судья Бекболот Жаналиев Сапарбековду Кылмыш-жаза кодексинин "Эркиндиктен мыйзамсыз ажыратуу" беренеси боюнча үч жылга, "Адам өлтүрүү" боюнча 12 жылга, "Мүлктү атайылап жок кылуу же бузуу" боюнча төрт жылга кесип, "Документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү уурдоо, жок кылуу, бузуу жана жашыруу" беренеси боюнча 15 миң сомдук айыппулга жыкты. Жалпылоо жолу менен жаза мөөнөтү жалпы тартиптеги түзөтүү колониясында 14 жыл деп чегерилди.

Ал эми кылмыштуу топ түзүүгө, адам уурдоого, автоунааны айдап кетүүгө жана кыйноого байланыштуу коюлган айыптар боюнча Сапарбеков акталды.

Башкы прокуратура Сапарбековду өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратып, жабыркаган тарапка 5,8 миллион сом кенемте төлөтүүнү сунуш кылган.

Ал өзү акыркы сөзүн сүйлөп, күнөөлүү экенин тастыктаган далилдер жоктугун, эч ким ага каршы көрсөтмө бербегенин белгилеген.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин жакын досторунун бири деп айтылып, 2011-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Санжар Сапарбеков 2021-жылы ноябрда кармалган. Тергөөнүн версиясында айтылгандай, кикбоксинг боюнча чемпион Сапарбеков Садыркуловду бетине катуу муштап уруп, эсинен тандыргандан кийин муунтуп өлтүргөн. Соттун алгачкы отуруму 7-февралда өткөн.

Сапарбековго каршы көрсөтмө берген айрым күбөлөр кийин айткандарынан баш тартып коюшканы айтылган.

Садыркулов Бакиевдин аппарат башчысы болуп иштеген. 2009-жылдын январында кызматтан кетип, март айында табышмактуу жагдайда каза болгон. Ошол кездеги тергөөнүн версиясы боюнча, Садыркулов жана саясат таануучу Сергей Слепченко менен шоопур Кубат Сулайманов отуруп бараткан “Лексус” машинасы “Ауди” менен сүзүшүп, күйүп кеткен. Бул үчүн “Аудинин” айдоочусу 12 жылга жатак абакка кесилген. Көп өтпөй, 2010-жылы Бакиевдердин бийлиги кулагандан кийин ал айдоочуну бычактап өлтүрүп кетишкен.

Садыркуловдун өлүмү 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин кайра иликтене баштаган. Экинчи тергөөнүн версиясы боюнча, Садыркулов Курманбек Бакиевдин иниси, ошол кезде Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп турган Жаныш Бакиев менен начар мамиледе болгон жана күчтүү уюштургуч экенин жакшы билген Бакиевдер анын көзүн тазалоого барган. Тагыраагы – Садыркуловду өлтүрүп, муну коомчулукка жол кырсыгы катары көрсөтүүгө аракет кылышкан. 2012-жылдын ноябрында Аскер сотунун чечими менен бул үчүн беш адам 5-18 жылга эркинен ажыратылган. Алардын арасында Мамлекеттик күзөт кызматынын үч кызматкери, “кылмыштуу топтун” мүчөсү деген бир киши жана Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG