УЕФАнын (Европанын футбол ассоциацияларынын бирлиги) Чемпиондор Лигасынын финалдык беттешинде ПСЖ ("Пари Сен-Жермен") клубу Лондондун "Арсенал" клубун жеңип алгандан кийин полиция менен футбол күйөрмандары кагылышты Натыйжада полиция 400дөн ашуун кишини кармады. Кеминде жети полициячы жаракат алганын Le Figaro өлкөнүн ички иштер министрлигине шилтеме кылып жазды.
Ички иштер министри Лоран Нуньес Парижде 283 киши кармалганын билдирди.
Кагылыш беттеш учурунда эле башталган: 150дөй адам финал көрсөтүлүп жаткан "Парк де Пренс" стадионуна кирүүгө аракет кылышты. Полиция жаш агызчу газ колдонуп, калайман топту сүрүп чыгарды.
Стадиондун аймагында наабайкана жана ресторан жабыркады, кагылыштын катышуучулары велосипеддерден баррикада жасашты. Бир нече жүздөгөн адам Париждин айланма жолун бөгөттөп, анын кесепетинен жол тыгын, скутердин айдоочусу жана жүргүнчүсү жабыркаган автокырсык катталды.
Лига чемпионатынын финалдык беттеши түз көрсөтүлүп жаткан Елисей талаасында 20 миңдей киши топтолду. Футбол фанаттары ал жерде велосипеддерди жана автоунааларды өрттөштү.
Париждин полициясы кармалгандардын 24 белги берүүчү ракета жана жүздөй пиротехникалык каражаттар алынганын билдирди.
Жалпысынан башаламандык жана вандализм өлкөнүн 15 шаарында катталды.
Ренне, Страсбург, Клермон-Ферран жана Гренобл шаарларында дүкөндөр тонолгону кабарланды.
Лига чемпионатынын финалы Будапешт шаарында өттү. ПСЖ "Арсеналды" 4:3 эсебинде утту. Жеңишинен кийин ПСЖ футбол тарыхына титулун эки ирет жеңип алган команда катары кирет. 2025-жылкы финалда клуб Миландын "Интер" клубун 5:0 эсебинде уткан.
Мурда мындай жетишкендик Мадриддин "Реалына" таандык болчу. Клуб 2016-2018-жылдары катары менен жеңишке жетишкен. Турнир УЕФАнын Лига чемпионаты деген аталышка ээ болгон 1992-жылдан бери титулду сактап калуу дүйнөлүк футболдогу эң оор тапшырмалардын бири болуп саналат.
Парижде футбол чемпионатынан кийин 400дөн ашык киши кармалды
Дагы караңыз
Шерине