Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов президент Садыр Жапаровдун ырайымы менен абактан бошотулду. Бул тууралуу Ынтымак Ордого жакын блогер Атай Бейшенбек Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Блогер Ниязовдун бошотулушун президент Садыр Жапаровдун "саясий атаандаштык менен мамлекеттик жоопкерчиликти аралаштырбаганын дагы бир жолу көрсөттү" деп сыпаттады.
"Президент үчүн мыйзам алдында ар ким өз жоопкерчилигин тартат, бирок ошол эле учурда гуманизм, кечиримдүүлүк жана мамлекеттин кызыкчылыгы биринчи орунда турат. Акыркы жылдары ар кандай саясий көз караштагы адамдарга карата кабыл алынган чечимдер да анын адамдарды “өз” же “бөтөн” деп бөлбөй, өлкөдөгү ынтымакты, туруктуулукту жана коомдук биримдикти бекемдөөгө умтулган саясат жүргүзүп жатканын көрсөтүүдө", - деп жазды Атай Бейшенбек.
Ырайым тууралуу расмий маалымат бериле элек.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын башчысы болуп турган Фарид Ниязов Кой-Таш окуясы боюнча айыптуу деп табылып, былтыр июнда 7 жыл 8 айга эркиндигинен ажыратылган. Сот залынан камакка алынган Ниязов 2025-жылдын ноябрынан бери Бишкектеги Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 абакта жазасын өтөп жаткан.(ZKo)
Шерине