1-июнь - Балдарды коргоо күнүндө Бишкек шаарындагы айрым борбордук көчөлөрдө кыймыл чектелип, автоунаалардын жүрүүсүнө убактылуу тыюу салынат.
Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, Ала-Тоо аянтындагы майрамдык оюн-зоок иш-чараларына байланыштуу, саат 16:00төн тартып 22:00го чейин аянттын айланасындагы жолдордо унаа кыймылы токтотулат. Чүй проспектисинен Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин, Панфилов, Орозбеков көчөлөрү Чүйдөн Фрунзе көчөсүнө чейин автоунаалар үчүн жабык болот.
1-июнь - Балдарды коргоо күнү Кыргызстандын бардык аймактарында балдардын катышуусунда шаан-шөкөт менен белгиленет. Бул күнү айрым парктар, аттракциондор, эс алуучу жайлар ачылып, сезондук ишин башташат. (ZKo)
Балдарды коргоо күнүндө Бишкекте айрым көчөлөрдө автоунаа кыймылы чектелет
Дагы караңыз
Шерине