АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы Ирандын өзөктүк программасына тийиштүү жана Ормуз кысыгын ачуу боюнча макулдашуунун долбоорун өзгөртүүнү талап кылды. Бул тууралуу Axios булактарына таянып маалымдады.
Басылманын маалыматына караганда, Трамп байытылган уран маселеси боюнча так жазылышын талап кылууда. Америка тарап Ирандын өзөктүк материалын качан жана кантип аларын тактагысы келет.
АКШ президенти ошондой эле Ормуз кысыгын ачууга байланышкан айрым шарттарга тактоо киргизүүнү сунуштады.
Axios басылмасынын булактары Ак үй мурдагыдай эле макулдашуу ийгиликтүү болоруна ишенерин, бирок келишимге жетишүү мөөнөтү белгисиз бойдон калып жатканын белгилешкен. Администрациянын аткаминерлеринин бири документке бир нече күндүн ичинде же кечирээк кол коюлушу ыктымалдыгын билдирди.
Кошумча тактоолордун зарылчылыгы тууралуу The New York Times да жазды. Гезиттин маалыматына караганда, Трамп Ирандын активдерин камактан чыгарууга байланышкан айрым пункттарды карап чыгууну каалайт.
Гезиттин булактары Тегерандын америкалык сунуштарга жоопту создуктуруп жатканы АКШ президентин кыжырдантып жатканын айтышкан.
Мурдараак басылмалар меморандумдун долбоору тынчтык келишимин 60 күнгө узартуу, Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышын жана Ормуз кысыгын ачууну камтышы мүмкүн экенин жазышкан. Чечиле элек маселелердин ичинде кысыктагы америкалык курчоону алуу мөөнөтү жана иран мунайын экспорттоого киргизилген санкциянын ыктымал жумшартылышы кала берүүдө.
Дагы караңыз
Шерине