“Кой-Таш ишине” байланыштуу соттолуп, абакта жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшан уулу президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин депутаттары менен укук коргоочуларга кайрылды.
Ал Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, атасы сегиз айга жакын убакыттан бери террорист-экстремисттер кармалган терезеси жок катаал шарттагы камерада кармалып жатканын билдирди.
“Атам 24 саат бою кичинекей камерада, күндү, асманды көрбөй, таза аба менен дем ала албай, террористтерди кармаган катаал шартта, ден соолугунан ажырап, камакта отурат”, - деп жазды ал.
Равшан Жээнбеков 2019-жылы “Кой-Таш иши” боюнча кармалып, 2020-жылы жокко чыккан парламенттик шайлоодон кийин башаламандык учурунда бошотулган. Бирок, үй камагынын талаптарын бузду деген негиз менен 2021-жылдын августунда кайра камалып, кайра декабрь айында Жазык-процессуалдык кодекске киргизилген өзгөрүүлөргө байланыштуу бошотулган.
2025-жылдын 3-июнунда “Кой-Таш ишине” байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 7 жыл 8 айга кескен. Ошол күндөн бери абакта отурат.
Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Ал 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери чет жакта жүрөт. Биринчи май райондук соту аны “Кой-Таш иши” боюнча 11 жыл 6 айга кескен.
2019-жылы 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди колго түшүрүү операциясында чогулгандар менен күч кызматкерлери кагылышып, УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, УКМКнын 40 кызматкери, калганы жөнөкөй жарандар болгон. (BTo)
Шерине