Президент Садыр Жапаров мас болуп автоунаа айдагандарга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 15-апрелде кабыл алган.
Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык төмөнкүдөй жаза каралган.
- Жол кырсыгы адамдын ден соолугуна жеңил жаракат келтирүү менен коштолсо, алкоголдук ичимдик ичкен айдоочунун күбөлүгү үч жылга алынат, өзүнө 80-100 миң сом айып пул салынат.
- Эгер оор жаракат келтирсе 100-200 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынат же айдоочулук укугун 3-6 жылга токтотуу менен беш жылга чейин эркинен ажыратылат.
- Өзгөчө оор жаракат келтирсе 5-8 жылга эркиндигинен ажыратылат жана айдоочулук күбөлүгү 6-9 жылга алынат. (мындан башка да жаза тууралуу шилтемеде маалымат бар).
Мындан тышкары мас абалында рулга отуруп, адамдын ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирген жол кырсыгына себеп болгон айдоочуларга өзүнчө жобо каралган.
- Адамдын ден соолугуна жеңил же оор жаракат келтирсе 5-8 жылга эркиндигинен ажыратылып, айдоочулук күбөлүгү 6-9 жылга алынат.
- Өзгөчө оор жаракат келтирсе, 8-10 жылга эркиндигинен ажыратылат, айдоочулук укугу 9-12 жылга алынат.
Мас абалында машине айдаганы кайталанса, 100-150 миң сом айып пул төлөйт жана кайсы бир кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылат же айдоочулук күбөлүгү алынып, бир жылга чейин камалат.
Кыргызстанда акыркы жылдары жол кырсыктары көп катталууда. 14-майда Кашка-Суу айылы тараптан Бишкек шаарын көздөй келе жаткан Honda Torneo үлгүсүндөгү машине жол четинде турган 28 жаштагы келинди жанындагы 6, 4, 2 жаштагы балдары жана 14 жаштагы сиңдиси менен кошо сүзүп кетип, бешөө тең каза тапкан. Келиндин алты айлык боюнда болгон. Кырсыкка шектүү 22 жаштагы айдоочу камакка алынган.
30-майда Бишкек-Ош жолунун 178-чакырымында (ред: Суусамыр) түштүктөн түндүктү көздөй бараткан Honda Civic үлгүсүндөгү машиненин 30 жаштагы айдоочусу уктап кетип, каршы тилкеде келаткан Kia К7 автоунаасы менен кагышкан. Кырсыктан бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү 3, 11, 13 жаштагы балдар жана 22 жаштагы дагы бир адам каза болгон.
8-июнда Бишкек–Кара-Балта автожолунда болгон жол кырсыгынан эки адам мүрт кетти.
Расмий маалымат боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алган. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет. (BTo)
Шерине