Кыргызстан унаа кырсыгынан каза тапкандар көрсөткүчү боюнча КМШда алдыңкы орунда келүүдө. Жыл сайын он миңден ашык киши ар кандай жаракат алып, миңге чукул киши каза табат. Кырсыктарга катуу ылдамдык менен айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип алып рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет.
Жогорку Кеңеш 15-апрелдеги отурумунда "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" долбоорду үчүнчү окууда карап, кабыл алды. Ага ылайык, жол эрежесин бузган айдоочуларга жаза катаалдап, айып пулдун суммасы көбөйөт.
Өзгөчө алкоголдук ичимдик ичип, унаасы менен жол кырсыгына кабылган айдоочулардын жоопкерчилиги күчөтүлүп, аларды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу менен беш жылдан он жылга чейин түрмөгө кесүү каралган.
"Аталган мыйзам долбоору менен спирт ичимдигин, баңгизат жана башка мас кылуучу заттарды колдонуу менен транспорт башкаргандардын жоопкерчилигин жогорулатуу менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо кылмыштар менен укук бузууларды алдын алуу үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган", - деди парламенттин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүн Өмүрзаков.
Мыйзамдын долбоору президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү. Мыйзам кабыл алынса:
- Жол кырсыгы адамдын ден соолугуна жеңил жаракат келтирүү менен коштолсо, алкоголдук ичимдик ичкен айдоочунун күбөлүгү үч жылга алынат, өзүнө 80-100 миң сом айып пул салынат.
- Эгер оор жаракат келтирсе 100-200 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынат же айдоочулук укугун 3-6 жылга токтотуу менен беш жылга чейин эркинен ажыратылат.
- Өзгөчө оор жаракат келтирсе 5-8 жылга эркиндигинен ажыратылат жана айдоочулук күбөлүгү 6-9 жылга алынат.
Мындан тышкары мас абалында рулга отуруп, адамдын ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирген жол кырсыгына себеп болгон айдоочуларга өзүнчө жобо каралган.
- Адамдын ден соолугуна жеңил же оор жаракат келтирсе 5-8 жылга эркиндигинен ажыратылып, айдоочулук күбөлүгү 6-9 жылга алынат.
- Өзгөчө оор жаракат келтирсе, 8-10 жылга эркиндигинен ажыратылат, айдоочулук укугу 9-12 жылга алынат.
Мас абалында унаа айдаганы кайталанса, 100-150 миң сом айып пул төлөйт жана кайсы бир кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылат же айдоочулук күбөлүгү алынып, бир жылга чейин камалат.
Буга чейин ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов парламенттеги талкуу учурунда соңку жылдары жол эрежесин бузуу фактылары көбөйгөнүн билдирген. Анын айтымында, 2025-жылы жол кырсыктары мурдагы жылга салыштырмалуу 1,5 эсе көп катталды. 900 киши каза тапты. Бул 2024-жылга караганда 100дөй өлүмгө көп. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жараат алды.
Министрдин орун басары кырсыктарга автоунааны катуу ылдамдыкта айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип алып рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтты.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, соңку бир аптада жол эрежесин бузган 28 255 миңден ашуун айдоочу аныкталды.
Бул ирет рейд Бишкек–Ош жана Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолдорунда өткөрүлдү. Анын ичинен мас абалында унаа башкарган 560 айдоочу, ылдамдыкты ашырып айдаган 3100дөн ашуун, тийиштүү документтери жок унаа башкарган 3159 айдоочу аныкталды. Мындан сырткары терезесин уруксатсыз караңгылаткан, жөө жүргүнчүлөр катышкан, ылдамдыктан ашкан учурлар катталды. Мындан улам 4320 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулду.
Жол коопсуздугу боюнча эксперт Урмат Казакбаев мас абалын аныктоо мыйзамда так жазылбаганын белгилөөдө:
"Жылына миңге жакын адам жолдогу кырсыктардан каза табат. Ошондуктан мыйзам боюнча эрежени мындай катаалдатуу жолдогу кырсыктарды 100% жок кылбаса да, кыйла азайтат. Азыр бизде мас абалын аныктоо мыйзамда так жазылган эмес. Сиз айран ичип алып же ачуу калемпир жеп алып кырсыктап калсаңыз, мас абалында болгон деп аныктап көрсөтүп коёт. Кызматкерлердин айтымында, бизде бардык аймактарда эмне себептен мас болгонун аныктоо лабораториялары жок. Өкмөттүн кээ бир токтомунда 0,15 промилге чейин болот деп да жүрөт. Бул деген сөз 1 кесе сыра, 1 бокал шарап болушу мүмкүн. Ошондуктан бул мыйзам күчүнө кирсе ошол жакты да оңдош керек".
Мас абалында машина айдап, кырсыкка кабылган, жол эрежесин жана мыйзамды бузган учурлар көп эле катталып жүрөт.
Ушул айдын башында Бишкекте айдоочу жол тескөөчүнүн талаптарына баш ийбей, сөгүнүп, орой мамиле кылганы тартылган видео соцтармактарга тарап, кызуу талкуу жараткан. Интернет колдонуучулар ал белгилүү кыргызстандык балбан Мурат Рамонов экенин айтып, кийин милициянын билдирүүсү бул маалыматты тастыктаган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы ал бейбаштык жана маңзатка байланыштуу кармалганын билдирген.
Буга чейин жол кыймылын тескөөчүлөргө айдоочулардан жеринде сынак алууга укук бере турган мыйзам долбоору президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен артка кайтарылганы маалым бологон. Былтыр мындай эреже президенттин тапшырмасы менен киргизилип жатканы айтылып, өкмөт бул Кыргызстанда жол кырсыктарынын санын азайтуу үчүн көрүлгөн чара экенин айткан.
Эксперттер бул ыкма коррупцияны ого бетер күчөтөрүн эскертишкен.
Мамлекет башчы марттын башында "Кабар" агенттигине курган маегинде бул демилге туура экенин белгилеп, бирок азырынча эртелик кыларын айткан.
"Негизинен бул ыкма туура. Бирок кичине эртерээк деп ойлойм. Себеби, биринчи кезекте МАИ кызматкерлеринин өздөрүн толук даярдап чыгышыбыз керек. Айрым МАИ кызматкерлери өздөрү жол эрежесин толук билбеген учурлар кездешет. Ошондуктан качан гана МАИ кызматкерлери өздөрү даяр болгондо бул маселени кайрадан көтөрүшсө болот", - деген Жапаров.
Бул мыйзам долбоору 4-мартта Жогорку Кеңеште каралып, бир топ депутаттын сынынан кийин күн тартибинен алынган.
Ал эми 15-апрелде Жогорку Кеңеш үч окууда кабыл алган мыйзамдын долбоорунда автоунааны мажбурлап эвакуациялоо чаралары да жөнгө салынган. Эгер автоунаа кыймылга тоскоолдук жаратса, тыюу салынган жерге, тротуарга токтотулса же майыптыгы бар жарандардын унаа токтотуучу жайын ээлеп алган болсо мажбурлап эвакуацияланат.
Мыйзам долбоорунда эвакуациядан кийин унаа кыймылын бөгөттөөчү каражаттарды колдонууга да уруксат берилет. Бул үчүн жана айып токтотмосуна токтотулганы үчүн чыгашаларды айдоочу төлөйт. Автоунаанын эвакуацияланганы тууралуу маалымат онлайн системага жайгаштырылат.
Машинаны мажбурлап алып кетүү жана бөгөттөө тартибин Министрлер кабинети аныктайт.
Соңку учурда Кыргызстанда айдоочулардын жол эрежесин билүүсү жана талаптарды сакташы боюнча талкуу күчөдү.
Айдоочулук күбөлүк жана менчик автомектептер боюнча реформаны президенттин Иш башкармалыгы жүргүзүп жатат. Реформанын алкагында менчик автомектептер жабылды. Эми курсанттарды мамлекеттик автомектептер окутуп, окуунун мөөнөтү 10-12 ай болот. Буга чейин окуу 2,5-3,5 ай болчу.
Буга байланыштуу менчик автомектептердин ээлери нааразылыгын билдирип, коомдо окуунун мөөнөтү узак экени айтылып келатат. Мамлекет башчы Садыр Жапаров жана президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев буга чейин 10-12 ай окуу туура эле экенин, бул убакытта курсанттар машине айдоодон тартып автоунаанын айрым тетиктерине чейин үйрөнүп чыгышарын айткан.
Шерине