Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:22

АКШ: Айдоочулук күбөлүк берүүчү жайдын жанынан борборазиялык 13 мигрант кармалды

АКШнын Иммиграция жана бажы кызматынын полициячылары. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШнын Иммиграция жана бажы кызматынын полициячылары. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Иммиграция жана бажы кызматы (ICE) Пенсильвания штатындагы айдоочулук күбөлүк берүү борборунун жанында Борбор Азиядан келген 13 мигрантты кармап кеткени маалым болду.

Окуя Армстронг округундагы PennDOT айдоочулук күбөлүк берүү борборунун жанында болгонун АКШнын Ички коопсуздук департаментине (DHS) шилтеме кылып 11 News телеканалы билдирди.

DHS өкүлү билдиргендей, иммиграциялык кызматкерлер ал жакка Чыгыш Франклин полициясынын чакыруусу менен барышкан. Себеби «тынчсызданган жарандар борбордун аймагында адаттан тыш көп адамдар топтолгонун» кабарлашкан.

Кармалгандардын арасында Өзбекстан, Кыргызстан жана Түркмөнстандын жарандары бар. Алар АКШда мыйзамдуу жашоого уруксаты жок жүргөнү айтылды. Бийликтин маалыматына ылайык, кармалгандардын бири каршылык көрсөтүп, укук коргоо кызматкерине кол салганын 4ABC телеканалы кабарлады.

Бул кармоолор АКШнын мыйзамсыз мигранттарды аныктоо жана өлкөсүнө кайтаруу боюнча кеңири саясатынын алкагында жүрүп жатат.

11-мартта АКШдан Өзбекстанга депортациялык каттам менен өлкөдө мыйзамдуу жүрүүгө укугу жок 72 адам кайтарылган.

Буга чейин кыргызстандык мигранттын катышуусунда болгон ири жол кырсыгынан кийин бир нече трак компаниясы жана айдоочулукка окуткан мектептер жабылган.


Шерине

XS
SM
MD
LG