АКШ президенти Дональд Трамп америкалык күчтөр “чыныгы макулдашуу” жетишилгенге чейин Ирандын айланасында кала берерин билдирди.
«АКШнын бардык кемелери, учактары жана аскер кызматкерлери, кошумча ок-дары, курал-жарак жана душманды толук талкалоо үчүн зарыл болгон бардык каражаттары менен чыныгы МАКУЛДАШУУ толук жетишилгенге чейин Иранда жана анын айланасында кала берет», - деп жазды Трамп 8-апрелдин кечинде Truth Social социалдык тармагына.
Дональд Трамп белгилегендей, эгер «кандайдыр бир себеп менен бул ишке ашпай калса анда “аткылоолор” башталат, алар мурда болуп көрбөгөндөй ири, кеңири жана күчтүү болот».
7-апрелдин кечинде Тегеран менен Вашингтон атышууну эки аптага токтото турууну Пакистандын ортомчулугу менен макулдашкан. Трамп Ирандан 10 баскычтан турган тынчтык сунушун алганын билдирген. Учурда бул келишим олуттуу белгисиздик абалда турат. Анткени ал Израилдин Ливандагы Хезболла буталарына каршы аскерий операцияларын камтыйбы же жокпу деген суроо жаралды. Хезболла - Иран колдогон түзүм жана Вашингтон аны террордук уюм катары тааныйт.
АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс 8-апрелде Венгриядагы сапары учурунда мурунку түнү Трамп жарыялаган келишимдин шарттары боюнча “чындап эле түшүнбөстүк болгон” деп эсептей турганын айтты.
“Менимче, ирандыктар атышпоого Ливан да кирет деп ойлошкон, бирок андай эмес болчу”, — деди ал.
Израил келишимди колдорун, бирок Ливанга каршы соккуларын уланта берерин билдирген.
Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги 8-апрелде билдиргендей, атышпоо тууралуу жарыялангандан кийинки сааттарда Израилдин соккуларынан соңку 24 саат ичинде кеминде 250 адам каза болду. Мекеме бул сан дагы өсүшү мүмкүн экенин белгиледи.
Шерине