Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Ошто Сириядагы согушка катышууга шектелген адам кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Сириядагы согушка тиешеси бар деген шек менен кыргызстандык жаран кармалганын билдирди.

Мекеменин 9-апрелдеги маалыматында, терроризмге каршы операциялардын жүрүшүндө 42 жаштагы А.Ф.Г. аттуу жаран 7-апрелде кармалган.

"Ал 2014-жылы УКМК тарабынан издөөдө жүргөн кыргызстандык И.Б.Н. аттуу адамдын сөзүнө азгырылып, Түркия аркылуу Сирияга барган. Ал жакта "Ислам мамлекети" эл аралык террористтик уюмуна кошулганы аныкталган", - деп билдирди атайын кызмат.

Кармалган жаран суракта террордук уюмдун ишмердүүлүгүн түшүнгөндөн кийин, Сириядан чыгып, Түркия аркылуу мекенине кайтып келгенин билдирген.

Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

УКМКнын 2018-жылдагы маалыматында, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. Террордук уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

Буга чейин кыргыз бийлиги Сирия менен Ирактан исламчыл топторго кошулуп кеткен 700дөй аял жана балдар алынып келгенин жарыялаган. Ирактагы качкындар лагеринен кыргызстандык жарандардын 79 баласы 2021-жылы "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Бишкекке жеткирилген. Бул алгачкы миссия болгон, кийин дагы бир нечеси уюштурулган.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG