Кыргызстанда быйылкы эки айда ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 4590 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды.
Бул 2025-жылдын ушул айына салыштырганда 44% же 1416 учурга көп. Ички иштер министрлигинин маалыматында, бул убакыт аралыгында 3859 аялга коргоо ордерлери берилсе, 229 эркек үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган.
Зомбулуктан жабыркагандар арасында майыптыгы бар, улгайган адамдар, кыздар, жашы жете элек кыздар, балдар бар.
Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 1844 протокол түзүлүп соттордун кароосуна жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында 426 адам коомдук ишке тартылып, 1052 киши камакка алынган.
Ички иштер министрлигинин маалыматында, 2025-жылдын 12 айында өлкөдө 22 миң 152 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылга салыштырганда (17 миң 316 факт) 28% же 4836 фактыга көп.
Баш прокурор Максат Асаналиев 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголгонун билдирди. Мында 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган.
Асаналиев үй-бүлөлүк зомбулукка жол бергендерге жоопкерчиликти күчөткөн мыйзамдар кабыл алынганына карабай бул коомдогу эң курч маселелердин бири бойдон калып жатканын белгиледи. (КЕ)
Шерине