“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаров былтыр ноябрда үйү тинтилген учурда алынган 150 миң доллар кайтарыла электигин "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.
Ал бул боюнча сурак дагы болбогонун, буга чейин Башкы прокуратурага дагы кайрылышканын белгиледи.
"Сурак дагы, башка дагы болгон жок. Балам менин акчамды мыйзамсыз алып кетти, кайтарып бергиле деп Башкы прокуратурага дагы кайрылдым. Алар мыйзамдын чегинде карап, тез арада жооп бергиле деп ИИМге кайрылгандан бери канча убакыт өтүп кетти. Акча кайдан деп сурашат. Балама таандык батирди сатып, мынча акчага сатылды, сатып алган киши бул деп жазылып мөөр басылып турат", - деди Мадумаров.
Былтыр декабарда Фейсбукта “Массалык башаламандыкты уюштурууга шектелген топ жана Мадумаровго байланышкан тинтүү” деген аталыштагы үч мүнөткө чукул видео тараган. Анда милиция кызматкерлери Адахан Мадумаровдун үйүн тинтүүдө саясатчынын сумкасынан 150 миң доллар табылганы айтылган. Тасмада “Мадумаров акчаны жакын арада уулун үйлөнтүп, той өткөрүп, андан кийин үй алып берүү максатында чогултуп жатканын айтканы”, бирок “кийин суракта каражаттын булагын көрсөтүп бере албаганы” белгиленген.
Ошол кезде Адахан Мадумаров ИИМдин кызматкерлери 150 миң долларды далил зат катары алып кеткенин билдирген.
ИИМ буга байланыштуу комментарий бере элек.
Оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров былтыр ноябрда ИИМде суракта болгон. Ал күбө катары суралганын жана өлкөдө массалык башаламандык уюштурууга шек саналып кармалгандар менен байланышы жок экенин айткан.
22-ноябрдын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, 10 адам кармалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге жана саясатчы, экс-депутат Кубанычбек Кадыровго Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси – “Бийликти күч менен басып алуу” менен айып таккан.
Андан тышкары экс-депутат Шайлообек Атазов (1979-жылы туулган А.Ш.), Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы Дамир Мусакеев (1984-жылы туулган М.Д.), саясатчы Урмат Барктабасов (1963-жылы туулган А.У.), “Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматов (1983-жылы туулган Э.Э.), активист Турсунбай Шарапов (1986-жылы туулган Ш.Т.) жана аты-жөнү белгисиз дагы эки адамга “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кине коюлган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту жогоруда аты аталгандардын баарын камакка алып, айрымдары үй камагына чыккан.
ИИМ жапырт кармалгандардын үй-жайын тинтүүдө курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңгизаттар алынганын маалымдаган. Мекеме шектүүлөргө Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өлкөдө тополоң уюштурууну максат кылган деген айып койгон.
Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагышкан. (BTo/KE)
Шерине