Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Мадумаров соңку беш жылда козголгон кылмыш иштер кайрадан иликтениши керектигин айтты

Адахан Мадумаров. 30-апрель, 2024-жыл.
Адахан Мадумаров. 30-апрель, 2024-жыл.

"Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаров соңку беш жылда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК), Ички иштер министрлиги (ИИМ) жана Башкы прокуратура козгогон кылмыш иштери кайрадан иликтенип чыгышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" курган маеги учурунда билдирди.

"Мындай сунуш берилбеши керек. Бул демилгени бийлик өзү колго алыш керек. Соңку беш жылда козголгон иштердин бардыгын иликтеп, күрүчүн бир, күрмөгүн бир кылып ажырата турган мезгил келди. Мындан ары ушул бойдон кете бере турган болсо анда мамлекетти биротоло жок кылып алабыз. Мамлекеттик түзүмдөргө ишеним жоголгондо мамлекет алсыз болот", - деди саясатчы.

2021-жылы өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен алты партиянын катарында "Бүтүн Кыргызстан" партиясы да Жогорку Кеңешке өтүп, алты депутаттык орун алган.

2023-жылы Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, ал экөө бир өндүрүшкө бириктирилип, өзү ошол жылдын 2-сентябрында кармалган.

Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралганын билдирген. Саясатчы ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевге да айып коюлган.

Жети ай УКМКнын тергөө абагында отурган Адахан Мадумаровду Борбордук шайлоо комиссиясы 2024-жылы, 26-апрелде депутаттык күбөлүктөн ажыраткан. Саясатчы ушул күнү тергөө абагынан чыккан. Ал өзүнө коюлган айыптарды башынан бери эле негизсиз деп атап келгенин белгилеп, аны мандаттан ажыратуу максаты менен байланыштырып келген. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG