Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:57

Нарын дарыясына түшүп кеткен эки баланын дайыны табыла элек

ӨКМ тараткан сүрөт. 9-апрель, 2026
ӨКМ тараткан сүрөт. 9-апрель, 2026

Өзгөчө кырдаалдар министрилиги Нарын дарыясына түшүп кеткен сегиз жана беш жаштагы эки баланы издөө иштери улантылып жатканын 9-апрелде билдирди.

Алардын бири, 2018-жылы туулган К.И. аттуу бала 5-апрелде Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылында Нарын дарыясына түшүп кеткен. Издөө иштерине жалпы 40 адам, эки кайык тартылды. Арасында ӨКМ куткаруучулары, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар бар.

Беш жаштагы экинчи бала 5-апрелде Нарын шаарындагы Ленин жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде Нарын дарыясына түшүп кеткен. Учурда наристени жалпысынан 68 киши издеп жатат.

Нарын дарыясына кичине балдар түшүп кетип, табылбай же сөөгү табылган учурлар буга чейин да катталган. ӨКМ жарандарды балдарына көз салуу керектигин, дарыянын суусуна түшүүгө болбой турганын эскертип келет.(КЕ)


Шерине

XS
SM
MD
LG