Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу өнөктүгү аяктады

Президент Садыр Жапаров "Унаа" мекемесинде.
Президент Садыр Жапаров "Унаа" мекемесинде.

31-мартта Кыргызстанда мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүк аяктады. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

1-апрелден тартып күбөлүктү алмаштыруу акысы 1 389 сомду түзөт. Жарандар бул документти 083 формасындагы медициналык маалымкатсыз 31-декабрга чейин алмаштыра алышат.

"Унаа" мекемеси буга чейин күбөлүктү акысыз алмаштыруу акциясынын алкагында өлкө боюнча 335 миңден ашык күбөлүк жаңыртылганын билдирген.

Өлкөдө мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр жоюлары, ордуна он жылдык мөөнөткө жаңы документ бериле баштары 2025-жылы күзүндө белгилүү болгон. 2009-жылдан 2012-жылга чейин берилген айдоочулук күбөлүктөргө 2027-жылга чейин мөөнөт коюлган.

Башта мөөнөтсүз күбөлүктү алмаштыруу үчүн айдоочулар медициналык кароодон өтүүгө тийиш болчу. Ушундан улам ооруканаларда узун кезектер пайда болуп, кийин медициналык кароодон өтүү талабы жокко чыгарылган. Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр жылдын аягына чейин акысыз алмаштырылары айтылган. Айрымдар өнөктүк эрте токтоп калганына нааразы болуп жатышат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG