Улуттук банк 30-мартта быйылкы жылдын эсебинен бешинчи жолу интервенция жасап, валюта базарына 178 миллион 900 миң доллар сатты.
Өлкөнүн негизги банкы акыркы жолу 10-мартта базарга 140 миллион доллар саткан. Ага чейин 19-январда 134 миллион 50 миң, 6-февралда 109 миллион 950 миң доллар жана 27-февралда 162 миллион 550 миң долларды валюта базарына чыгарган.
Улуттук банк 2025-жылы сегиз интервенция менен чыгып, валюта базарына жалпысынан 853 миллион доллар саткан.
Өлкөнүн негизги банкы доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенция жасап турат. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)
Шерине