Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:31

Ырайым кылуу комиссиясынын жооптуу катчысы алмашканы белгилүү болду

"Ынтымак ордо".
"Ынтымак ордо".

Президентке караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Анарбек Калматов кызматтан алынып, анын ордуна Жоомарт Закиров дайындалганы белгилүү болду.

Президенттин сайтында ушул тапта комиссиянын жооптуу катчысы Жоомарт Закиров экени көрсөтүлгөн. Бирок бул тууралуу расмий маалымат берилген эмес. Ал буга чейин Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары болуп иштеп келген.

Ал эми Анарбек Калматов Президентке караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы кызматына 2021-жылы октябрь айында дайындалган. Ага чейин президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп иштеген.

Май айынын аягында Президенттик администрациянын мурдагы башчысы, 2009-жылы март айында табышмактуу жагдайда өлтүрүлгөн Медет Садыркуловдун өлүмүнө айыпталган Санжар Сапарбековго ырайым берилип, абактан бошотулганы тууралуу маалыматтар социалдык тармактарда тараган.

Кийин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы мындай кабарларды четке кагып, Санжар Сапарбеков ырайым сураганы анык экенин, бирок өтүнүчү каралып, четке кагылганын кабарлаган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жакын досторунун бири деп айтылган Санжар Сапарбеков Медет Садыркуловдун өлүмүнө айыпталып, 2011-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн. Ал 2021-жылы ноябрда кармалган. Бир жылдан кийин 14 жылга кесилген. Тергөөдө Медет Садыркуловдун өлүмүнө түздөн-түз тиешеси болгону айтылган.

Ал 2024-жылы “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча да айыпталып, кошумча 17 жылга кесилген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG