Өкмөт гимндин текстине жана музыкасынын жаңы редакциясына ачык сынак жарыялабай эле чыгармачыл союздарга, авторлорго мамлекеттик тапшырык менен жаздыруу чечимин кабыл алды.
Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин 9-июндагы жыйынында айтты.
“Биз кабыл алууларды (ред: варианттарды) токтотуп, регламент иштеп чыгабыз. Маданият министрлиги жоопкерчиликти өзүнө алып, чыгармачыл союздарга, авторлорго текстке өзүнчө, музыкасына өзүнчө түздөн-түз мамлекеттик тапшырык берели деген чечим кабыл алдык”, - деди ал.
Гимндин тексти менен музыкасынын жаңы редакциясын тандаган комиссия ушул жылдын 1-июнуна чейин Жогорку Кеңешке сынактан жеңген үч вариантты алып келиши керек болчу. Бирок жакшы вариант чыкпагандыктан комиссиянын иши 1-декабрга чейин узартылды.
Мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 2024-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада көтөргөн. Ал “мамлекеттик гимн баарына оңой ырдалгыдай жана бирдей ыргакта болушу керек” деген пикирин билдирген. Кийинчерээк бул демилгени президент Садыр Жапаров колдоп, мамлекеттик символду өзгөртүү заман талабы экенин айткан.
Бул сунуш коомчулукта кызуу талаш-талкуу жараткан.
Кийин мамлекеттик гимн сынагына жалпы 900дөй долбоор түшүп, анын арасынан үч вариант тандалып алып Жогорку Кеңешке сунушталган. Парламент 29-январдагы жыйынында мамлекеттик гимн сынагынан өткөн үч вариантты тең четке каккан.
Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.
Гимндин алгачкы варианты үч куплет, бир кайырмадан турат. Бирок 2013-жылы улуттук символиканы өзгөртүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия гимндин экинчи куплетиндеги “бейкуттук” жана “досторуна даяр дилин берүүгө” деген мааниси талаштуу сөздөрдөн улам аны алып салууну чечишкен. Бул өзгөртүү бир топ талаш-тартыш менен коштолгон. (BTo)
Шерине