Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:18

ЖК комитети мамлекеттик гимн сынагынан өткөн үч вариантты угуп, баарын четке какты

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

27-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети мамлекеттик гимн сынагынын 2-айлампасынан өткөн үч ырды укту. Депутаттарга текст музыкасы менен чогуу аткарылган варианттар угузулду.

Жыйынга мамлекеттик гимнди өзгөртүү үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын өкүлдөрү да катышты. Комиссия мүчөлөрүнүн бири, музыка таануучу Чынара Үмөталиева гимндин текстин да, музыкасын да тандоо оңойго турбаганын, буга чейинки келген варианттардын баары жарабаганын белгилеп, азыркы гимнди калтырууну айтты:

"Бир жыл отурдук. Бизге келген бир да долбоор жараган жок, тексти да, музыкасы да жараган жок. Тандалган үч тексттин музыкалары салмактуу болгону менен тексти ага ылайыксыз. Ошондуктан, азыркы гимнибиз буларга салыштырмалуу кыйла салмактуу, аны чоң-чоң акындар жана таланттуу композиторлор жараткан".

Комитет төрагасы Курманкул Зулушев аткарылган үч варианттын бири да учурдагы гимнге жетпей жатканын белгилеп, комитет да так ушундай чечим чыгарганын билдирди.

Мамлекеттик гимнди өзгөртүү үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев гимн башка ырлардан башкача болуштугун белгилеп, учурдагы гимн өз кызматын аткарып бүттү деген пикирин айтты. Ал үчүнчү вариантты сунуштады.

Комитет натыйжада сынактын жыйынтыгы менен тандалып алынган үч варианттын баарын четке какты.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги мамлекеттик гимн сынагына жалпы 900дөй долбоор келгенин билдирген.

Мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 2024-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада көтөргөн. Ал “мамлекеттик гимн баарына оңой ырдалгыдай жана бирдей ыргакта болушу керек” деген пикирин билдирген. Кийинчерээк бул демилгени президент Садыр Жапаров колдоп, мамлекеттик символду өзгөртүү заман талабы экенин айткан.

Бул сунуш коомчулукта кызуу талаш-талкуу жараткан.

Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.

Гимндин алгачкы варианты үч куплет, бир кайырмадан турат. Бирок 2013-жылы улуттук символиканы өзгөртүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия гимндин экинчи куплетиндеги “бейкуттук” жана “досторуна даяр дилин берүүгө” деген мааниси талаштуу сөздөрдөн улам аны алып салууну чечишкен. Бул өзгөртүү бир топ талаш-тартыш менен коштолгон. (ZKo/EBM)


Шерине

XS
SM
MD
LG