Орусиянын Украинага басып кирүүсү былтыркы март айындагы темпке чейин төмөндөгөнүн, бул Кремлди сүйлөшүүлөр учурундагы "көзүрүнөн" ажыратышы ыктымалдагын "Агентство" долбоору украиналык OSINT-DeepState долбоорунун жана аскердик эксперттердин маалыматтарына шилтеме берип жарыялады.
DeepState маалымдагандай, январь айында орусиялык аскерлер Украинанын 152 чакырым аймагын басып алышты, бул декабрь айындагы көрсөткүчтөн үч эсе аз.
Орусия январда Донецк облусундагы Северск жана Константиновка ортосундагы тилкеде гана илгерилей алды. Ошол эле учурда 19-25-январда орус армиясы аймактын 30,4 чарчы чакырымын басып алды. Бул 2025-жылдын жазынан берки эң аз көрсөткүч.
Conflict Intelligence Team (CIT) долбоорунун негиздөөчүсү Руслан Левиев басылмага курган маегинде февралдын алгачкы жумасы орус армиясы үчүн антирекорд катталышы ыктымалдыгын билдирди. Ал эми аскердик эксперт Кирилл Михайлов буга аба ырайынын шарттары себеп болушу ыктымалдыгын айтты.
Финляндиянын Black Bird Group OSINT долбоору Орусия армиясынын Украинага басып кирүүсү жайлаганын аба ырайына байланыштырып, мындан тышкары Мирноград, Покровск, Гуляйполе аймактарындагы салгылашуулар жана Купянск багытында Украинанын ийгиликтүү контрчабуулу да себеп болгонун белгилеген.
Басылма Орусия мурдагы активдүүлүгү күчөп турган учурлардагы сүйлөшүүлөрдө фронттогу абалды "көзүр" катары колдонуп, Донбассты толугу менен өзүнө өткөрүп берүүнү талап кылып келген.
23–24-январда Абу-Дабиде Украина, АКШ жана Орусиянын катышуусунда алгачкы үч тараптуу сүйлөшүүлөр өттү.
Шерине