Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:38

БШК Мансуралыевди №13 округдан талапкер кылып каттоодон баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттыгына №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн өзү көрсөткөн Залкарбек Мансуралыевди талапкер кылып каттоодон баш тартты.

Боршайком Чек ара кызматына шилтеме берип, ал 2021-жылы 354 күн, 2022-жылы 364 күн, 2023-жылы 123 күн чет жактарда жүргөнүн билдирди. Шайлоо мыйзамына ылайык, талапкер болуп катталуу үчүн жаран соңку беш жылда Кыргызстанда туруктуу жашашы керек.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурдагы шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн. №13 округдагы мыйзам бузууларга байланыштуу БШК андагы добуш берүүнүн жыйынтыгын 3-декабрда жокко чыгарган. Бул аймактагы 35 добушканада шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөө максатында камералар орнотулганы, үгүтчүлөр ким кандай добуш бергенин байкап турганы ачыкка чыккан.

Бул округдан шайлоого талапкер болуп катышуу үчүн арыз бергендер 24 кишиге жетти. Шайлоо 1-мартта өтөт. Үгүт иштери 9-февралда башталып, 28-февралда аяктайт. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG