Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:27

Еврошаркет 2027-жылы Орусиянын газын импорттоого толук тыюу салат


Еврошаркет 2027-жылдын 30-сентябрынан тарта Орусиянын суюлтулган жаратылыш газын импорттоого толук тыюу салат. Бул тууралуу биримдиктин билдирүүсүндө айтылат. Ошол мөөнөткө карай азыркы келишимдер күчүндө кала бермекчи.

Маалыматка ылайык, шаркеттин мүчөлөрү газды алаардын алдында анын кайдан чыкканын жакшылап текшерүүгө тийиш. Тыюуну бузгандар миллиондогон евро айыпка жыгылат.

1-мартка чейин шаркетке кирген мамлекеттер газ импортун диверсификациялоо пландарын даярдышы жана Орусиянын импортун алмаштыруудагы тобокелдиктерге баа бериши керек.

Ушундай эле пландарын орус мунайын сатып алып жаткан мүчө-мамлекеттер да сунуш кылууга тийиш. Еврокеңештен билдиришкендей, Европа комиссиясы Москванын чийки затынан эмки жылдын аягына чеийн бара-бара баш тартуунун токтомун жарыялаганы жатат.

Орусия Украинага кол салгандан бери Еврошаркет 2022-жылдын мартында Версал декларациясында ал өлкөнүн кара майынан тезирээк баш тартуу тууралуу макулдашышкан.

Акыркы жылдарда биримдик мунай менен газды Орусиядан алууну кескин азайтты. 2025-жылы мунай сатып алуу 3% төмөндөсө, газ импортунун үлүшү олуттуу бойдон калып, жылына 15 млрд еврону түзөт. Биримдикте бул энергетикалык коопсуздукка ири коркунуч болуп саналат.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG