Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:53

Депутат Примов Орусия мигранттар боюнча ЕАЭБдин талаптарын аткарбай жатканын айтты


Улан Примов.
Улан Примов.

Парламенттин депутаты Улан Примов Орусия Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн ичинде берилген эркиндиктерди, анын ичинде өзгөчө мигранттардын эркин жүрүшү боюнча талаптарды аткарбай жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин 26-январдагы жыйынында айтты. Депутат акыркы жылдары Орусияда жүргөн мигранттарга талаптар утур-утур күчөтүлүп жатканын, Кыргызстан менен Орусия бир экономикалык биримдикте болгондуктан кыргыз жарандарына жеңилдиктер берилиши зарыл экенин кошумчалады.

“ЕАЭБ алкагында кандай маселе болбосун депутаттар колдоп берип атат. Президент кол коюп ишке ашууда. Мисалы, Сколково деген жерде биздин мигранттар кыйноого дуушар болууда. ЕАЭБдин алкагында ратификация, келишимдер каралганда биздин мигранттардын кызыкчылыгын биринчи орунга коюш керек”, – деди ал.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов кыргыз тарап мигранттарга байланышкан ар бир маселе боюнча Евразия экономикалык комиссиясына кайрылып жатышканын айтты.

Орусияда 2024-2025-жылдары миграциялык мыйзамдар катаалдаша баштады. 2025-жылдын 5-февралынан тартып чет элдик жарандар үчүн “көзөмөлгө алынгандардын” реестри иштей баштаган. Тизмеге илинип калгандардын укуктары кескин чектелет. Соңку маалымат боюнча, бул тизмеде Кыргызстандын 34 миң 786 жараны бар.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Орусияда 377 миң кыргыз жараны миграциялык каттоого алынганын, жалпысынан бул өлкөдө Кыргызстандын 612 миң жараны бар экенин айткан. (BTo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG