Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:52

"Элит-Строй-Ситинин" жетекчилигине Кыргызстандан чыгууга чектөө коюлду

“Элит-Строй-Сити” курулуш компаниясынын жетекчилиги.
“Элит-Строй-Сити” курулуш компаниясынын жетекчилиги.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Элит-Строй-Сити” курулуш компаниясынын жетекчилерине Кыргызстандын аймагынан чыгууга убактылуу чектөө киргизди.

Атайын кызматтын маалыматында, 26-январда Ошто салынып жаткан “Манас” турак жай комплексинин курулушу боюнча ишкананын жетекчилери Бекжан Касымжанов, Үсөн Султанов жана Б. Али уулу менен жолугушуу болду. Ага Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин өкүлдөрү да катышты.

“Элит-Строй-Ситинин” жетекчилери курулуш иштерин аяктап, объектилерди 2026-жылдын сентябрь айына чейин өткөрүп берерин убада кылышкан. Ушундан улам УКМК аларга курулуш аяктаганга чейин Кыргызстандан чыгууга убактылуу тыюу салды.

Социалдык тармактарда Ош шаарынын Касымбеков көчөсү 8а дарегинде курулуп жаткан “Манас” турак жай комплексинен батир сатып алгандар бийликке кайрылып, курулуш кечеңдеп кеткенин айтып арызданган видео тараган. Кайрылуу 2025-жылдын күз мезгилинде тартылганы аныкталган.

Компаниянын өкүлдөрү батирлер убагында арзан сатылып, кийин инфляция болуп курулуш иштерине көп каражат сарпталганын, буга байланыштуу курулуш узарып кеткенин негиз кылышты.

Юстиция министрлигинин сайтында Канатбек Оморов “Элит-Строй-Сити” курулуш ишканасынын директору деп көрсөтүлгөн. Уюштуруучусу катары Мурзалы Салиев жазылган. Компания 2008-жылдын 18-сентябрында катталып, 2024-жылдын 17-апрелинде кайра каттоодон өткөн. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG