Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:31

Еврошаркет Кыргызстандын авиация тармагын жылына эки жолу текшерет

Каракол-Алматы каттамын жүргүзгөн учак. 5-декабрь, 2025-жыл.
Каракол-Алматы каттамын жүргүзгөн учак. 5-декабрь, 2025-жыл.

Европа Биримдиги (ЕБ) эми Кыргызстандын авиация тармагын бир жылда эки жолу аудит менен келип текшерип турат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынын президенти Манасбек Самидинов “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Биз Евробиримдиктин авиакоопсуздук комитетинин төрт чоң аудитинен өттүк. Андан тышкары аэропорт Жарандык авиация эл аралык уюмунун (ИКАО) эки аудитинен өттү. Кыргызстан эми ушул стандартты, авиациялык коопсуздук боюнча ушул деңгээлди сактап, андан ары өнүктүрүшүбүз керек. Буга байланыштуу көзөмөлдү күчөтүп, авиация тармагындагы кызматкерлердин кесипкөйлүгүн арттырып, коррупцияга жол бербешибиз зарыл. Себеби Европа Биримдиги биз “кара тизмеден” чыккандан кийин жылына эки жолу келип бизди текшерип турат. Бул башында гана. Баары ордуна келгенден кийин текшерүүнү токтотот”, - деди ал.

Манасбек Самидинов эми Кыргызстан Европага түз аба каттамдарын ачуу үчүн авиа компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп баштаса болорун кошумчалады.

Кыргызстан авиа коопсуздук боюнча Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгарылганын 8-июнда белгилүү болгон. Европа Комиссиясынын Мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы башкармалыгы Кыргызстанда сертификация алган бардык аба компаниялар тизмеден чыкканын билдирген.

Чечим шаркеттин Авиа коопсуздук боюнча комитетинин (ASC) 2026-жылдын 19-21-майындагы жыйынында кабыл алынган.

Европа Биримдигинин “Аба коопсуздугу тизмеси” алгачкы жолу 2006-жылы жарыяланып, Кыргызстан ага дароо эле киргизилген. Буга өлкөдөгү учактардын абалы, аларды техникалык тейлөөнүн сапаты, учуу коопсуздугун көзөмөлдөө системасы жана адистерди даярдоо өңдүү жарандык авиациясы тармагындагы кемчиликтер себеп болгон.

Тизмеге киргизилген авиакомпанияларга Евробиримдиктин аймагында учууга тыюу салынат. Кайсы бир өлкөнүн жарандык авиация мекемеси коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча өзүнүн эл аралык милдеттемесин аткарууга жөндөмсүз болсо, анда андан сертификат алган бардык авиакомпаниялар “кара тизмеге” киргизилет. Евробиримдиктин комитети адатта жылына 2-3 жолу чогулуп, зарылчылык болсо жаңыланууларды киргизип турат.

“Кара тизме” 2006-жылдан бери 47 жолу жаңыланган. Евробиримдиктин Учуу коопсуздугу боюнча комитетинин 2025-жылдын соңундагы маалыматына ылайык, “кара тизмеде” жалпысынан 22 мамлекеттин жарандык авиация мекемелеринен сертификатталган 170тен ашуун авиакомпания бар болчу. Арасында Кыргызстандын 16 авиакомпаниясы жүргөн. 9-июнда ал тизме жаңыланып, Кыргызстандын аталышы көрүнбөй калды. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG