1-июлдан тартып Бишкек шаарындагы жүргүнчү ташыган автобустардын каттам номурлары алмашып, 1ден 72ге чейинки номур берилет. Бул тууралуу "Бишкекшаартранспорт" ишканасынын башчысы Талантбек Капаров Биринчи радиого курган маегинде билдирди.
Анын сөзүнө караганда, азыркы жүрүп жаткан №216, №226, №295 номурлары жоюлуп, №1, №2, аягы №72 номурга жетет. Узун каттамдар кыскартылат.
Талантбек Капаров ошондой эле 1-июлдан тартып шаардын негизги райондорун бириктирип каттаган түнкү автобустар иштей баштарын кабарлады. Автобустар саат 22:00дон 05:00ке чейин жүрөт, аралыгы 40 мүнөттөн болот.
1-июлдан тартып муниципалдык автобустарда накталай акча менен төлөм жүргүзүү токтотулары да белгиленди.
Шаардагы муниципалдык транспортто жол кирени накталай төлөөгө 1-июлдан тартып тыюу салынарын буга чейин шаар мэри Айбек Жунушалиев да билдирген. Ал эгер жүргүнчү электрондук төлөм жүргүзө албаса автобуска киргизилбей турганын айткан. Буга соцтармактарда нааразылык жаралып, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мэриянын демилгесин сындаган.
Учурда Бишкекте автобуста жүрүү акысы - накталай эмес түрдө төлөнсө 17 сом, накталай 20 сом.
Мэриянын маалыматына караганда, учурда шаарда күн сайын 1 567 автобус жана электробустар каттамга чыгууда.(ZKo)
Шерине