13-мартка карата "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу өзүнө насыя алууга өзү тыюу салган кыргызстандык жарандардын саны 218 миңден ашты. Улуттук банктын маалыматына караганда, 218 121 адам түрдүү банктардан жана электрондук капчыктардан насыя алууга өзүнө тыюу салды.
Улуттук банк акыркы жумада эле 9 миңге жакын адам өзүн насыя алуудан тыйганын, 6-мартта көрсөткүч 209 миңдин айланасында болгонун белгиледи.
2025-жылы июль айында президент Садыр Жапаров “Насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө өзү тыюу салууну белгилөө маселелери боюнча” мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, каалаган адам насыя алууга өзүнө өзү тыюу сала алат.
1-ноябрдан баштап жарандар өзүнө насыя алууга “Түндүк” тиркемеси аркылуу тыюу салуусуна шарт түзүлгөн. Мыйзам элди финансылык алдамчылыктан коргоо үчүн кабыл алынган.
Банк жана башка каржы уюмдар насыя алууга өтүнүч келгенде кредиттик бюродон маалымат сурап, эгер тыюу салуу бар болсо насыя бербеши керек. Бул талап бузулса берилген насыя жараксыз деп табылат.
"Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу өзүн насыя алуудан тыюу бир нече мүнөттүн ичинде ишке ашат жана ошол замат күчүнө кирет. Эгер жаран насыя алууну кааласа, тиркеме аркылуу кайрыла алат. Кайрылуу тийиштүү органдарда 12 саат каралат. Улуттук банк бул чара жарандардын чечимин ойлонуп кабыл алышы үчүн жана шылуундардын басымынан коргоону көздөй турганын билдирген.
Акыркы жылдары Кыргызстанда интернет шылуундар көбөйдү. Адамдардын документтеринин маалыматтарын чогултуп, анын атынан насыя алып койгон учурлар да бар. (ZKo)
Шерине